Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Геология институтунда жана Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү илимий изилдөө борборунда тренинг өткөрүлдү

2021-жылдын 28-29-июнунда Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөсүн илимий изилдөө борборунда (Бишкек ш.) жана КР УИАнын Геология институтунда калктын ар кандай булактардан ичүүгө жараксыз сууну пайдаланган үй чарбалары чачыранды жайгашкан 10 чакан айылдын өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү. Бул калктуу конуштар Кыргызстан жана Кытайдын Академиялык Институттары менен кызматташкан ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү Департаменти тарабынан аныкталды.

Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн чакан айылдарга тазаланган, ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу тазалоо тутумун орнотуу жана эксплуатациялоо боюнча тренинг өткөрүлүп окутулду. Андан тышкары тренингдин катышуучуларына «Бугу-Эне-Багыш» жаӊы конушундагы суу тазалоо тутумун орнотуу иштөө принциби көрсөтүлдү.

Системаларды орнотууга каржылоону “Бир алкак – бир жол” аймагында жайгашкан мамлекеттердин илимий мекемелеринин Альянсы (ANSO) жүргүзгөн. Бул уюмга биздин өлкөнүн атынан мүчө болгон КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С Джуматаевдин  катышуусу менен ишке ашты. М.С Джуматаевдин сунушунун негизинде жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясындагы кесиптештери тарабынан колдоого алынган “Кыргызстандын калкына ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу ресурстарынын сапатынын географиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө” илимий долбоорунун жыйынтыгы боюнча, Альянс 10 суу тазалоочу тутумга гранттык негизде каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынды.

Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясынын Чуңцин алдынкы жана жашыл технологиялар институтунда иштелип чыккан система Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына жеткирилип, Бишкектин «Бугу-Эне-Багыш» конушуна орнотулуп, сыноодон өтүп жатат. Окутуунун практикалык бөлүгү ушул системанын мисалында жүргүзүлдү.

Жакынкы арада КРнын Улуттук илимдер академиясына дагы 9 суу тазалоочу тутуму алынып келинип, алар аймактардагы таза сууга муктаж болгон айылдарга орнотулат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер