Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган кече өттү.

15-январда КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиевдин  “Манастан Айтматовго карай” аттуу илимий жолуна 40, чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган кече өттү.


Чет элдик жана республикалык бир топ сыйлыктардын ээси,  академик, А.А. Акматалиев 700дөй макала, маектердин, 30дан ашуун китептердин автору. Анын эмгектери учурда жогорку окуу жайларда жана мектептерде пайдаланууда.

  

Кечеде КРнын Президентинин кеңешчиси Султан Раев Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун куттуктоосу менен тааныштырды:

“Айкөл Манастан Ааламдын алпы Айтматовго чейинки чыгармачыл жолуңуз жарым кылым жол басып, таланттын жана илимдин бийик чокусуна, элге арналган мазмундуу өмүрүңүз менен келип отурасыз. 50 жылдык чыгармачылыгыңыз кош канаттуу куштай, бир канатыңыз Манас болсо, экинчи канатыңыз Айтматов. Аалам ичинде экөөнү тең изилдеп, ага бүткүл өмүрүңүздү арнадыңыз. Акындык жана илимпоздук жашоодогу өмүр сапарлашыңыз катары бийиктиктерге жеткирди. Кыргыз гуманитардык илиминде жаңы ийгиликтерди ачып, анын асыл берметтерин, дөөлөтүн дагы бийик сепилерге көтөрүңүз. Илим дүйнөсүн ийне менен казган Сиздин жолуңуз сыймыктуу жол” – деп кажыбас кайрат, бекем ден соолук жана талыкпаган изденүү каалады.

КР УИАнын вице-президенти Осмон Асанкулович Тогусаков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: “Абдылдажан Амантуровичтин илимге болгон олуттуу мамилеси, көп жылдык ак ниет эмгеги, жигердүүлүгү көптөгөн ийгиликтерге жеткирди. Анын илим дегенде ичкен ашын жерге койгон аздек мамилеси – баардык илимпоздорго, дегеле алдына асыл максат койгон ар бир адамга үлгү боло алат” – деп, чыгармачылыгына чоң жетишкендиктерди каалап кетти.

Ошондой эле иш-чарага академик А.А. Акматалиевдин жакын санаалаштары, кесиптештери, чет өлкөлүк коноктор, ЖОЖдун ректорлору келишип каалоо-тилектерин айтышып, чыгармачылыгына ийгиликтерди каалашты.

Иш-чарада академик А.А. Акматалиевдин өзүнүн илимий, адабий  эмгектеринин жана анын жетекчилиги менен жарык көргөн  китептеринин көргөзмөсү, даректүү  тасма көрсөтүлдү.

       Маалымат үчүн:

         Абдылдажан Амантурович Акматалиев 1956-жылы 15-январда туулган. 1977-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. КР УИАнын академиги. Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын эки жолку лауреаты. Илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын, КМШнын “Звезды содружества” сыйлыгынын лауреаты ошондой эле II жана III даражадагы “Манас” ордендери, “Даңк”, СССРдин “Эмгектеги артыкчылык” медалдары менен сыйланган. Коомдук Айтматов академиясынын жана Эл аралык Айтматов клубунун президенти. Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, “Эл агартуунун отличниги”. Япония, Америка, Түркия, Казакстан өлкөлөрүнүн жана 10дон ашуун чет элдик, республикалык университеттердин, илимий мекемелердин Ардактуу профессору жана Ардактуу доктору. 17 илимдин докторун, 64 илимдин кандидатын даярдаган. 800дөн ашуун чыгармачылык эмгектердин автору. Илимий макалалары Россияда, Кытайда, Францияда, Түркияда, Японияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Түштүк Кореяда жарыяланган. Анын жетекчилиги менен Тил, адабият жана искусство багытында 1200дөн ашуун эмгектер жарык көргөн. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер