20-декабрда УИАда “Абдылда Каниметов: коомдук-саясий жана илимий ишмер катары” аталыштагы белгилүү окумуштуу А. Каниметовдун 90 жылдыгына арналган тегерек стол (кереге кеңеш) өттү.
Иш-чарада А. Каниметовду эскерүү менен бирге окумуштуунун билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгү, илимий иштерди уюштурууда жана Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндамалар окулду.
УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканович Асанканов:
“А. Каниметов илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калаары талашсыз. Окумуштуу мамлекетибиздин билим берүү тармагына зор салымын кошуп, чоң ийгиликтерге жеткен жана билимдин өнүгүүсүндө татыктуу орунду ээлейт” – деген оюн билдирди.
Кереге-кеңешке окумуштуулар, илимий кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана аспиранттар катышты.
Кереге кеңеш КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, “Мурас” кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө фонду тарабынан уюштурулду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2519