Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Тоо гүлдөрү” аттуу гүлдөрдүн живопись жана графика көргөзмөсү өткөрүлөт

20-декабрда, саат 15:00   Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Иванна Шмелеванын “Тоо гүлдөрү” аттуу гүлдөрдүн живопись жана графика көргөзмөсү өткөрүлөт.

Иш-чара КР УИАнын  Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багынын 80 жылдыгына арналып, УИАнын жана “Арча демилгеси” коомдук фондунун колдоосунда уюшулууда.


Ботаникалык бак – бул өсүмдүктөрдүн асман астындагы музейи, көркөмдүк жана жаратылыш менен бириккен жер. Бул жерден флоранын өзгөчө түрлөрүн жана түндүк жарым шарынан өсүүгө ыңгайлаштырылган өсүмдүктөрдү көрсө болот.  Өсүмдүктөр адамдардын жашоо-турмушу менен тыгыз байланышта: алар адамдарды жагымдуу аба-ырайы, тамак-аш, материалдар, дары-дармектер жана башка, адамдын жашоосуна зарыл болгон продуктылар менен камсыздайт. Ошону менен катар алар адамдын жашоосунда гана маанилүү роль гана ойнобостон, эргүү, дем, илхам берүүчү булак катары кызмат кылат.

Көргөзмө УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын негизделишинин 80 жылдыгына арналган. Бак 1938-жылы, Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин Токтому менен негизделген жана ал бир нече  жылдар аралыгында аянты жана өсүмдүктөрдүн коллекциясынын түзүмү боюнча бир гана Борбор Азиядагы эмес, дүйнө жүзүндөгү эң ири ботаникалык бактардын бири болуп калды.

Ботаникалык бак – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы жергиликтүү флораны изилдөөгө алган мекеме гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү өсүмдүктөрдү интродукциялоо жолу менен байыткан алгачкы илимий-изилдөөчү мекеме болуп эсептелет.

Ботаникалык бактын Дендрарий-коругу тарых, маданият жана архитектура эстелиги категориясына киргизилген жана мамлекеттик коргоого алынган.  Ботаникалык бак – республикадагы тропикалык жана субтропикалык өсүмдүгү бар жалгыз мамлекеттик илимий мекеме.

Бак өсүмдүк материалдарын алмашуу аркылуу дүйнөнүн 37 мамлекетинде жайгашкан 140 ботаникалык бак менен илимий байланышта иштешет.  2006-жылдан баштап, жылына жаңыланып туруучу INDEX SEMINIUM электрондук версиясын жөнөтүп турат.

Бүгүнкү күнү Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын колдоосу  жана КР Өкмөтүнүн жана “Арча Демилгеси” коомдук фондунун колдоосу менен Ахунбаев 1А дарегинде “Азия тоолуу багынын” өнүгүү Концепциясын иштеп чыгууда, мында өзгөчө, өсүп жаткан азиялык тоо өсүмдүктөрүнүн жеке коллекциясын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. 

“Тоо гүлдөрү” көргөзмөсүндө Иваннанын гүлдөргө жана өсүмдүктөргө арналган графикалык жана живопись эмгектери көрсөтүлөт. Өзүнүн чыгармачылыгында автор түстүү жана таасирдүү линиялар менен өз дүйнөсүндөгү гүлдөр жана өсүмдүктөрдүн суктанаарлык дүйнөсүн бере алган. Сүрөтчү Ботаникалык бакта сейилдеп жүргөн маалда ошол жердеги өскөн өсүмдүктөрдүн бай түрлөрүн карап, аларды көптөгөн зарисовкаларга түшүргөн. Автордун графикалык сүрөттөрүндө жана живопистик полотнолорунда, айгүл гүлү жана мамыры гүл, тоолуу жоогазын жана башка өсүмдүк дүйнөсүнүн өкүлдөрүн оңой эле тааныса болот.

Көргөзмө залына КР УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багынын Декоративдик гүлдөр жана Эксперименталдык ботаника лабораториясына тийиштүү өсүп жаткан сейрек өсүмдүктөрдүн түрү, Кыргызстандын тоолуу өсүмдүктөрүнүн уругу менен кургатылган жалбырактары коюлат. 

Иванна Шмелева Бишкек шаарында, 1990-жылы төрөлгөн. Билими архитектор-дизайнер, КРСУну аяктаган.  Автордун 8 жеке көргөзмөсү өткөн, анын ичинде Г. Айтиев атындагы Музейде (2014-ж.) жана Казакстандын Улуттук Музейинде, Астана (2015-ж.).

2017-жылы Иваннанын Болгариянын Софиядагы Климент Охридски  атындагы университетинин алдындагы Ботаникалык бактын 140 жылдыгына арналган «Магия Цветов» (Гүлдөрдүн магиясы) аттуу көргөзмөсү өткөн.

Автор – ар кандай сынактардын жана көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Мыкты графикасы үчүн Россия кызматташуу диплому, Россиянын Дизайнерлер Союзунун диплому ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Толук таанышуу үчүн Instagram.com/ioanna_shmeleva/

Көргөзмө 20-декабрдан  2019-жылдын 5-январын чейин өтөт.

 Дареги: Ю.Абдрахманов көчөсү, №196


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер