Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Билим берүү жана санариптештирүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы

2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргеликте “Билим берүү жана санариптештирүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Конференцияны КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев ачып, КРнын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы Фондунун регионалдык жана ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне сөз сүйлөшүп, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин Генералдык катчысы Н.А.Муканова, профессор К.Осмоналиев, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин ректорлору, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору доклад жасашты. Ошондой эле конференцияга КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери, көрүнүктүү окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жаш окумуштуулар жана аспиранттар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү менен илимди интеграциялоо маселелери, илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы катары жогорку окуу жайларда, илимий-изилдөө институттарда билим берүүнүн актуалдуу проблемалары жана алардын келечеги талкууланып, 2022-2024-жылга карата коррупцияга каршы саясат стратегиясынын долбоору презентацияланды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер