7-декабрда УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Эл аралык Кувейт университетинде ректор Асан Сулейманович Ормушев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Келишимде эки тараптын биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, иш-чараларды өткөрүүсү жана тажрыйба алмашуусу боюнча иштер камтылган.
Ошондой эле окумуштуулар кеңеши өтүп, жыйынга университеттин жалпы окумуштуулар курамы катышты. Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.С.Ормушев УИАнын президенти М.С. Джуматаевге Кувейт университетинин ардактуу профессору деген наамын ыйгарды.
Ал эми УИА тарабынан А.С. Ормушевге Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын (КирФАНдын) 75 жылдыгына арналып тартылган тасмага көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык каты тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында ректор А.Ормушев академик М.С.Джуматаевди окуу жай, андагы китепкана, жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1546