2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылдагы илимий-изилдөө жана илимий уюштуруу иштеринин жыйынтыгы боюнча Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы өттү.
Жалпы чогулушка Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, мүчө-корреспондент Б.И. Бөрүбашов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т. Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Б.К. Тыналиева, КР УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери, КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери катышты.
КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылы аткарган иштери жана 2022-жылга карата мерчемделген иш-чаралар” аттуу доклады менен сессияны ачып, КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, мүчө-корреспондент Б.М.Дженбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2021-жылдагы илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары” тууралуу доклад окуду.
Отчеттук жылда Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан 1124 илимий эмгек жарыяланды, анын ичинде 104 монография, 925 макала жазылып, 16 патент алынды. 2021-жылы РИНЦте – 457, Scopusta жана Web of Scienceда 112 макала жарык көрдү.
Өткөн жылы илимдер академиясында 71 илимий Эл аралык конференциялар жана иш-чаралар өтүп, 32 долбоор боюнча илимий иштер жүрүп, 3 эл аралык келишим түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын Ардактуу академиги диплому мүчө-корреспондент Э.Мамбетакуновго ыйгарылды.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1455