21-февральда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди.
Бул иш-чара КР УИАнын профсоюздук комитети тарабынан уюштурулуп, КР УИАнын институттарынын кызматкерлери, жаш окумуштуулар өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.
Катышуучулар эне-тил тууралуу көркөм окуп, ыр ырдашып, кыргыз күүлөрүн чертишти.
Маалымат иретинде бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1468