Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда студенттер флеш-моб өткөрүштү

28-ноябрда УИАга Кыргыз-орус  тилдер кафедрасынын башчысы Мира Түмөнбаева баш болгон Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери келишти. Студенттерди УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев жана Гуманитардык жана экономика илимдери бөлүмүнүн төрагасы, академик А.А. Акматалиев тосуп алышты.


         Академиктер жаштарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, андагы жан дүйнөгө  азык болчу асыл ойлор, гуманизм, жазуучунун келечек жөнүндө ой калчоосу, чыгармаларынын дүйнө жүзүнө жайылышы жөнүндө айтып беришти жана Айтматовдун чыгармачылыгына арналган бөлмө менен тааныштырышты. Соңунда алар жаштардын окуусуна ийгилик каалашты.

 

  

Иш-чараны уюштурган Кыргызстан эл аралык университетинин Кыргыз-орус  тилдер кафедрасынын башчысы Мира Түмөнбаева буларды билдирди:

Иш-чара дүйнөгө атагы чыккан улуу жазуучубуз  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында өтүп жатат. Мааракеге байланыштуу биз жайында Эл аралык конференция өткөргөнбүз. А бүгүн, Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын  негизинде “Ак илбирс – Ала-Тоонун байлыгы” деген флеш-моб өткөрүп жатабыз. Иш-чаранын алкагында студенттер ак илбирстин кеп-кийими менен Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларды, анын ичинде Улуттук илимдер академиясына келип, “Айтматовдун чыгармаларын  дүйнө эли окушат” деген билдирүүсүн жеткиришүүдө. Себеби Айтматовдун чыгармаларындагы козголгон юридикалык, адеп-ахлактык, экологиялык маселелер дайыма актуалдуу бойдон кала берет. Ал эми студенттердин мындай иш-чарага жигердүү катышуусу алардын өмүр бою эсинде калып, чыгармадагы жазуучу даңазалаган сапаттар алардын багыты болуп калат, бул алардын жамандыкты жеңгенге жана жакшылыкка умтулганга күч берет деген үмүттөбүз. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер