2022-жылы 23-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун алдында түзүлгөн “Рух” телестудиясынын бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик Джуматаев М.С., КРнын Президентинин кеңешчиси Бөрүбашев Б. И., КР УИАнын вице-президенти, академик Тогусаков О.А., Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Акматалиев А.А., акын, драматург Жакшылыков А., белгилүү окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, адабиятчылар, институттун жалпы кызматкерлери катышты.
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун алдында түзүлгөн “Рух” телестудиясынын милдеттери: Институттагы иш-чараларды, конференцияларды, жолугушууларды видеотасмага тартып, монтаждап, “Рух TV” ютуб каналы аркылуу чагылдыруу. Институттун фото, видео, аудио архивин түзүү, видеолекциялардын топтомун даярдоо, окумуштуулар менен маектешүү, интервью уюштуруу, көркөм окуу.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2285