Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР илимине эмгек сиңирген ишмер Мааметайып Жумагулов дүйнө салды

2018-жылдын 19-ноябрында узака созулган оорудан соң  көрүнүктүү илимпоз, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Жумагулов Мааметайып Жумагулович көз жумду.

Жумагулов М.Ж. 1949-жылы Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган. 1970-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн, 1970-73-жылдары ошол эле институттун философия жана илимий коммунизм кафедрасында окутуучу, 1973-76-жылдары СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУда «диалектикалык материализм» адистиги боюнча аспирант, 1978-жылы кандидаттык, ал эми 1994-жылы докторлук диссертацияларын ийгиликтүү жактаган, 1997-жылы профессор наамы ыйгарылган.


1976-жылдын тарта анын бардык илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту менен тыгыз байланышкан. М.Ж.Жумагулов онтология, гносеология, илимдин методологиясы жана экологиянын философиялык маселелери тармагындагы белгилүү адис. Ал 300 дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 7 автордук, 7 тең автордук моногорафиялардын, студенттер менен магистранттар үчүн 3 окуу китебинин, 6 окуу-усулдук куралдардын автору. Профессор М.Ж.Жумагуловдун негизги эмгектери, анын ичинде монографиялык изилдөөлөрү оригиналдуулугу, концептуалдуулугу, илимий жаңычылдыгы жана терең мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

Анын монографияларында социотабияттын маңызын концептуалдуу талдоого алуунун негизинде экологиялык маселелердин илимий, социалдык-философиялык жана этикалык аспектилери изилденген.

Профессор  М.Жумагуловдун жетекчилиги алдында  философиялык, маданият таануучулук жана саясат таануучулук адистиктери боюнча 4 докторлук жана 28 кандидаттык диссертациялар корголгон.

КР УИАнын бүткүл эмгек жамааты М.Жумагуловдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Кайрат кылыңыздар


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер