Кыргызстандын калкынын экологиялык маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 2022-жылдын 28-июлунан 2-августуна чейин (Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылы) «Айлана-чөйрөнү коргоо» семинары уюштурулду.
Семинар Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү, анда жаңы «жашыл технологияларды» колдонуу менен экологиялык таза өндүрүшкө басым жасоо аркылуу ар бир адамдын бакубаттуулугу белгиленет.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С.Джумтаев ачып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын, жогорку окуу жайлардын, коомдук фонддордун өкүлдөрү, жаш окумуштуулар, аспиранттар жана Ысык-Көл облусунун тургундары катышты.
Семинарда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актыларды кароо, негизги экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында коомдун активдүү позициясын калыптандыруу – жагымдуу туруктуу айлана-чөйрөнү түзүү, заманбап экологиялык көз карашты калыптандыруу, ошондой эле физика, химия, биология жана экологияга кызыгууну жогорулатуу маселелери каралды.
Бул иш-чаранын алкагында тренингдер жана жергиликтүү тургундар жана туристтер менен интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Катышуучулар сурамжылоо жүргүзүп, семинардын жүрүшүндө алынган маалыматтар менен бөлүшүштү. Ошондой эле, бул иш-чаранын алкагында Ысык-Көлдүн жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2307