Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда Молдова жана РИАнын Сибирдеги бөлүмү менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

14-ноябрда УИАда СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын 75 жылдыгына арналган “Академиялык илим: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана келечек” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.


Иш-чараны УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев ачып:

– КР УИА академиялык илимдин артыкчылыктуу деп тандалган багыттардын алкагында актуалдуу фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп жатып, академиялык инновациялык системанын тең салмактуу динамикалык өнүгүүсүнө, экономиканын инновациялык өсүшүнө шайкеш келген илимий изилдөөнүн деңгээлине жана коюлган милдеттер менен максаттарды чечүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги илим изилдөөчү борбор болууга  жетүүгө аракет кылат” –  деп белгиледи.

 

Конференциянын жүрүшүндө Армения Республикасынын УИАсынын Табигый илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, корреспондент-мүчө Рубен Михайлович Арутюнян, Монголиянын УИАсынын окумуштуу катчысы Авид Будээбазар жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, корреспондент-мүчө Рысбек Зарылдыкович Нургазиев баяндама окушту.

   

Ошондой эле Молдова ИАсынын вице-президенти Ион Гучак жана РИАнын Сибирдеги бөлүм башчысынын орун басары Михаил Иванович Воевода  менен КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев тарабынан илимий-техникалык кызматташуу келишимине кол коюшту.

Айта кетсек, ал конференцияга: Казак, Өзбек, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Украина, Россия, Молдова республикаларынын жана Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышкан.

  


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер