2022-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) КР УИАнын алдындагы Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борбору (БАЭАЧИБ, Бишкек ш), Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясынын алдындагы экология жана география боюнча Синьцзян институту, «Эко Чечим» ЖЧКсы, Чжунке үчүнчү полюс (Аньхой) технологиялык изилдөө институту, Илим жана өнөр жай технологияларындагы инновациялар боюнча “Бир алкак, бир жол” стратегиялык альянсы тараптарынан биргеликте уюштурулган: «Борбордук Азиянын экологиялык жана суу көйгөйлөрү: жаңы заманбап технологияларды колдонуу менен чечүү жолдору» аттуу Эл аралык экологиялык форум болуп өттү.
Форумду БАЭАЧИБнын (Бишкек ш.) тең-директору Саламат Абдыжапар уулу ачты. Форумдун ачылышында КР УИАнын академиги Джуматаев М.С., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ашимова Д.А., КЭР Илимдер академиясынын Синьцзяндагы бөлүмүнүн Вице-президенти, БАЭАЧИБнын (Үрүмчү ш) директору Чен Щи, профессору БАЭАЧИБнын (Бишкек ш), тең-директору Ли Яомин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кенжематова К.А., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Исмаилов И.С., «Эко Чечим» ЖЧКсынын башкы директору Аширматов Н.К. куттуктоо сөз сүйлөштү.
Докладдарда бүтүндөй Кыргызстандын (Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти) жана, атап айтканда, үй чарбалары чачыранды жайгашкан айылдардын (БАЭАЧИБ нын (Бишкек ш)) ичүүчү суу көйгөйүн чечүү жолдору талкууланды. Инновациялык чечимдердин маселелери, шаарлардын, пансионаттардагы суу чөйрөсүн тазалоо жана тазалоочу курулмаларды пайдалануу маселелери боюнча чечимдер Кытайдын Илимдер академиясынын Хэфэй физикалык илимдер институту, жана «Эко Чечим» ЖЧКсы тарабынан сунушталды.
Суу ресурстарын башкаруудагы тарифтик саясаты, Кыргыз Республикасындагы ичүүчү суунун сапатынын гигиеналык ченемдерин оптималдаштыруу боюнча сунуштар Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин жана БАЭАЧИБнын (Бишкек ш) баяндамаларында чагылдырылды.
Форумда экологиялык проблемаларды талкуулоого чоң көңүл бурулду. Технологияга багытталган жана толук интеграцияланган экологиялык чечимдер, өнөр жайдын түтүн газдарынан чаңды тазалоо үчүн ультра таза фильтрациялоо технологиясы Кытайдын Аньхой шаарындагы илимий мекемелер тарабынан сунушталды.
Заманбап технологияларды колдонуу менен сугат системалары үчүн акылдуу чечимдерди колдонуу менен сууну башкарууну жакшыртуунун жолдору сунушталды (JNTECH RENEWABLE ENERGY, Кытай).
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шандагы бийик тоолорду изилдөө илимий борбору тарабынан Ысык-Көлдүн деӊгээли менен анын бассейнинин нымдуулугунун, дарыялардын агымынын жана Тескей Ала-Тоо мөңгүлөрүнүн учурдагы абалы менен алардын ортосундагы байланышты изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө баяндалды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1668