“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны басылып чыкты. Атайын чыгарылышка Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференциянын материалдары жарыяланган.
Жаңы санда УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимович Мурзубраимовдун “КР УИАнын Химия жана фитотехнология институтуна – 75 жыл” деген макаласы жарык көргөн. Макалада Кыргызстандын Илимдер академиясынын химия институтунун илимий-изилдөө жана өнүгүү тарыхы (1943-жылдан 2018-жылга чейин) баяндалат.
Журналдын “Фитотехнология” бөлүмүнө К.Т. Шалпыков, Н.А. Султанов, К.Т. Мусуралиев жана Тадаши Шимудзинин биргелешип изилдөөгө алган “Чычырканактын Алтай сортторун Кыргызстанда өстүрүү иштери боюнча биринчи маалыматтар” деген илимий изилдөөсү жарык көргөн. Макалада чычырканактын токой чарбаларындагы энелик питомниктериндеги Алтай сортторун өстүрүү иштери боюнча эки жылдык жыйынтыктары берилген.
Ошондой эле институттун окумуштууларынын “Кумтөр алтын алуучу фабрикасынын таштандыларындагы цианиддерди биологиялык жол менен ажыратуу”, “Жогорку жана гиперүндүү агымындагы химиялык активдүү суюктуктун диркиреп агышы”, “Микросфералардын негизинде иштелип чыккан жылуулоо сырлары” ж.б. макалалары жарыяланган.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2190