2023-жылдын 17-январында даректүү тасманын жана “Өмүр үчүн сыйыналы жана эртеңкиге жетели” китебинин бет ачары болду.
Андан тышкары КР УИАнын академиги А.Акматалиевдин “Манас: талаш, атаандаштык, баа берүү”, “Мен эмне үчүн жашагым келет?” деген китептеринин бет ачары болуп өттү. Ошондой эле А. Акматалиевдин образын чагылдырган ырлар жыйнагы С. Ариповдун «Кумурска» деген китебинин презентациясы болду.
Бул иш-чара КТРКнын концерттик залында өтүп, ага КР статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР УИАнын президенти Канат Эрмекович Абдрахматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Роза Айтматова, Кыргыз ССРинин Эл артисти Дарика Жалгасынова жана башка көптөгөн илимий жана маданий интеллигенциянын өкүлдөрү катышышты. Модератор болуп КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев катышты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2210