2023-жылдын 17-февралында КР УИАнын профсоюзунун бир жылда аткарган иштери боюнча отчёттук конференциясы болуп өттү.
Конференцияга КР УИАнын президенти Абдрахматов Канат Ермекович, 18 профсоюз комитеттеринин төрагалары жана 52 делегат катышты.
Конференциянын жүрүшүндѳ КР УИАнын профсоюзунун төрагасы Т. К. Арзыбаевдин 2022-жылдагы профсоюз уюмунун аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, «канааттандырарлык» деп бааланып отчету жактырылды.
Конференцияда чыгып сүйлѳгѳн делегаттар: Биотехнология институтунун профкомунун төрагасы М. Исраилов, Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунан Д. Мамбетказиева, Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын профкомунун төрагасы Н. Албанов, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун профкомунун төрайымы Г. Кадыралиева, Химия жана химиялык технология институтунун профкомунун Төрайымы Ж. Тунгучбекова, Биология институтунун профкомунун төрайымы Ш. Асылбаева, Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун профкомунун төрагасы М. Абдулдаев, С. Курманбеков, Т. Эргешова, Э. Рыспеков ж. б. профсоюз комитеттин иши жѳнүндѳ пикирлерин билдиришти.
КР УИАнын президенти К.Е. Абдрахматов профсоюз комитетинин орду ѳзгѳчѳ экендигин баса белгилеп, профсоюз комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштерин баалоо менен профсоюз уюмдарында жүргүзүлүп жаткан иштерине ийгиликтерди жарата беришин каалап кетти.
Профсоюзунун төрагасы Т. Арзыбаев ага ишеним кѳрсѳткѳн делегаттарга жана профсоюз комитеттеринин төрагаларына ыраазычылыгын айтып, алдыдагы иштер жѳнүндѳ кеңири маалымат берди.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1842