1938-жылдын 13-мартында Кыргызстанда илим калыптана баштаганда өлкөнүн борборунда жана анын калктуу конуштарында Кыргызстандын жана дүйнөнүн өсүмдүктөрүн жашылдандырууну изилдөө максатында Ботаникалык бакча ачылган. Ал эми бүгүн Ботаникалык бакка 85 жыл!
2023 жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э. Жамгырчиев барды. Депутат Жогорку Кеңеште жана Фейсбук социалдык тармагында илимий-изилдөө институтунун атын жана статусун өзгөртүү тууралуу сүйлөгөн сөзүнөн кийин илимий мекеменин жамааты менен жолугуп, изилдөөлɵрдүн илимий багыттарынан, алынган натыйжалар, Эл аралык жана ички кызматташтык, топтолгон проблемалар жана башкалар тууралуу өз көзү менен көрүү жана угуу үчүн келди.
Бул жыйынга КР Улуттук илимдер академиянын вице-президенти, академик Ч.И.Арабаев да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө директор Донбаева Г.Ч. конокторду Ботаникалык бактын миссиясы, анын максаттары жана милдеттери, Ботаникалык бакта жүргүзүлүп жаткан уюштуруу иштери, анын жетишкендиктери, ийгиликтери жана көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрү (каржылоонун жана кызматкерлердин жетишсиздиги, эмгек акынын аздыгы) менен тааныштырды. Ушул кɵйгɵйлɵр Ботаникалык бакты боло турган формада калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экендигин айтты.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакча илимий изилдɵɵ институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» № 246-VII Токтому кабыл алынган, анда Ботаникалык бакчанын абалын жакшыртууга таасир этүүчү көптөгөн маселелер каралган жана аларды бардык тиешелүү түзүмдөр гана аткарышы керек.
Депутат ошондой эле Ботаникалык бакчанын (Ахунбаев көч. 1а) «Азия тоо бакчасы» аталышындагы жалпы реконструкциялоо Планынын эскизи менен таанышты, анда учурдагы жашыл аймактарды сактоо да, өнүктүрүү да, ошондой эле жаңы экспозициялык участоктордун, инфраструктуранын, маалыматтын, коомдук жайлардын ж.б. у.с. жашыл аймактарды түзүү да эске алынган.
Ирригациялык системаны оңдоп-түзөө, тегерек-четин тосуу ж.б.у.с долбоорлор боюнча даяр документтер көрсөтүлдү.
Белгиленгендей, учурда Ботаникалык бакча эки негизги маселеге муктаж – толук каржылоо жана кадр маселесин чечүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ботаникалык бакчанын статусун сактап калуу жана өнүктүрүү идеяларын ар тараптан жайылта турганына убада берди https://fb.watch/jfEDBa1EF7/
КР ЖК депутаты Э.Э. Жамгырчиевдин КР УИАнын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын дарегине айтылган сɵздɵрүнүн баары мамлекетибиздин улуттук мурастары ʏчʏн конструктивдүү аракеттерге алып келе тургандиыгына Ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлери ишенет.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1468