«Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнагынын» томдуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан, академик А.Акматалиевдин демилгеси жана жалпы редакциясы менен даярдалган. Бул эмгек институттун буга чейинки «Сагымбай», «Саякбай», «Токтогул», «Осмонов», «Айтматов» 3-том энциклопедияларынын уландысы болуп саналат. Институттун жамааты 1996-2003-жылдары жарык көргөн «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугунун (2015-20-ж. 40 томдук болуп, толукталып жарыяланган) жарык көрүшүнөн кийин бардык материалдарды системалаштырып, тематикаларын тактап, эпосту айтуучуларды, жазып алуучуларды, аткаруучуларды, изилдөөчүлөрдү, эпоско кайрылышкан акын-жазуучуларды, маданият жана искусство ишмерлерин бир тартипке келтирип, энциклопедиялык жыйнак түзүү идеясы он жыл мурун жаралып, пландалып, быйыл иштелип жарыкка чыкты. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери “Кыргызстан – эпостордун өлкөсү” деген ураандын алдында энциклопедиялык жыйнактарды окурмандарга сунуш этип жатат.
“КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КЕНЖЕ ЭПОСТОРУ: ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ЖЫЙНАГЫНЫН” жети томдугу жалпы окурмандарга, окутуучуларга, мугалимдерге, студенттерге жана изилдөөчүлөргө арналат.
1-томдо “КОЖОЖАШ”, “ЭР ТАБЫЛДЫ” кенже эпостору илимдин ар кайсы тармактарында активдүү изилдѳѳгѳ алынат. “Кожожаш” жана “Эр Табылды” эпосторуна арналган бул энциклопедиялык жыйнак ошондой изилдѳѳлѳргѳ так жана далилдүү фактылык материалдарды комплекстүү түрдѳ бир жерге чогултуп берген илимий маалымат булагы болуп саналат. Жалпыга белгилүү болгондой илимий изилдѳѳчүлүк иштер үчүн мындай энциклопедиялык жыйнактын аткарган кызматы ѳтѳ маанилүү экендиги шексиз. Бул эмгек мугалимдерге, окутуучуларга, студенттерге, аспиранттарга жана жалпы эле эпос дүйнѳсүн кызыккан бардык окурмандарга арналат. Жыйнактын ички мазмуну тѳмѳндѳгүдѳй түзүлдү: эпостун кыскача сюжеттик ѳзѳк окуялары, эгерде варианттары бар болсо ар бир варианттын сюжеттик ѳзѳгү, эпостун негизги каармандары кимдер жана алардын образдарына кыскача анализ, эпизоддук кейипкерлер, эпостогу жер-суу аталыштары (топонимдер), тексттердеги айрым кѳѳнѳргѳн башкача айтканда бүгүнкү күнү айрым жаштар үчүн түшүнүксүз болгон сѳздѳрдүн түшүндүрмѳлѳрү, эпоско байланыштуу изилдѳѳлѳр, илимий эмгектердин авторлору, эпоско арналып же эпостун негизинде жазылган опера, драма, кѳркѳм чыгармалар жана алардын авторлору, кино жана спектаклдердин актёрлору, сүрѳт, музыка жалпы эле искусстводогу эмгек жараткан персоналдардын автобиографиясы жана библиографиялык кѳрсѳткүч берилди.
2-томго “ЭР ТӨШТҮК”, “ЖООДАРБЕШИМ” эпостору кирген. Анда «Эр Төштүк» боюнча бөлүмүндө эпостун кыскача мазмунун «Манастагы» «Жети Кандын чатагы», «Чоӊ казат» ж.б. бөлүмдөрүндөгү Төштүктүн образынын чагылдырылышы, айтуучулардын варианттарынын негизинде салыштырма планда берилди. Желмогуз кемпир, Күлайым, Төрт Маамыт, Төштүк, Чалкуйрук ж.б. баш каармандардын жана башка каармандардын сүрөттөлүшү берилсе, «Жоодарбешим» эпосунун О.Урманбетов, К.Суранчиев, А.Асандын айтуусундагы нускалардын негизинде мазмуну ачылып берилип, Аксаамай, Жезилик, Жоодарбешим, Кенжеке, Куюн Желдеӊ, Нурпери, Темир Кулак алп ж.б.персонаждар талданат. Мындан сырткары эки эпосто теӊ чагылдарылган түштөрдүн мааниси жана көркөм иштелиши, чыгармадагы эпостогу тулпарлардын образдары тууралуу талдоолор камтылат. Ошондой эле эпос боюнча негизги изилдөөлөр берилип, эпостун орус, англис тилиндеги котормолорунан үзүндүлөр камтылат. Чыгармалардагы жер-суу аттары, тексттеги айрым түшүнүксүз сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү, персоналийлер тууралуу маалыматтар да алфавиттик тартипте берилет.
3-томго “КУРМАНБЕК”, “СЕЙИТБЕК”, ШЫРДАКБЕК” эпостору киргизилди. Жыйнактын мындай иреттелиши жөн жерден эмес экендиги окуган окурмандарга белгилүү болот. Себеби, Курманбектин баласы Сейитбек, Сейитбектин баласы Шырдакбек болуп, бул үчүнчү том үч муундан түзүлдү.
Ушуну менен катар ар бир эпостун варианттары боюнча ар бир варианттын кыскача сюжети жана бириктирилген сюжети, башкы каармандар, сюжеттеги жалпы каармандар, тулпарлар, изилдөөлөр, персоналдар, жер-суу аталыштары, тулпарлар, түштөр, сюжеттен кыскача үзүндү, драма, пьесалар боюнча жалпы маалыматтар киргизилди.
4-томдо “ЖАНЫШ, БАЙЫШ”, “ЭР СОЛТОНОЙ” эпостору камтыйт. Мында эпостордун кыскача мазмуну, башы каармандар, түштөрдүн берилиши, тулпарлар, тексттерден үзүндүлөр, жер-суу аттары, түшүнүксүз сөздөр, эпос тууралуу изилдөөлөр, персоналийлер, библиография деген тематикалардагы энциклопедиялык макалалар орун алган.
Жыйнактын биринчи бөлүмүн кыргыз элинин баатырдык эпосторунун бири болуп саналган “Жаныш, Байыш” эпосу түзөт. Эпостун кыскача мазмуну М.Мусулманкулов, Ж.Жанаевдин, К.Акыевдин, С.Дыйканбаевдердин варианттары боюнча кыскача жазылды. Башкы каармандар – Жаныш, Байыш, Акжол, Дарбаз, Желкайып, Сыядаттардын бейнесине, башка каармандарга, тулпарларга ж.б, адабий талдоо жүргүзүлгөн. Эпос тууралуу Г.А. Самарин, Б.Кебекова ж.б. окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн тексттери жана башка адабият, искусство ишмерлеринин портреттерине орун берилген.
Экинчи бөлүмдө “Эр Солтоной” эпосуна орун берилген. Мында эпостун негизги мазмуну, башкы каармандар Болоткан, Каратал кары, Кыйыр, Мадылбек, Накыш, Оролкан сулуу, Темиркандардын бейнесине, башка каармандарга, тулпарларга ж.б. адабий талдоо жүргүзүлгөн. Эпос тууралуу С.Закиров, Ж.Суванбеков ж.б. окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн тексттери жана башка адабият, искусство ишмерлеринин портреттерине орун берилген.
5-том “ЖАҢЫЛ МЫРЗА”, “КЫЗ САЙКАЛ” жана “МЕНДИРМАН” эпосторун камтыйт. Мында эпостордун кыскача мазмуну, башкы каармандары, түштөрдүн берилиши (болсо), тулпарлар, тексттерден үзүндүлөр, жер-суу аттары, түшүнүксүз сөздөр, эпос тууралуу изилдөөлөр, персоналийлер, библиография деген тематикалардагы энциклопедиялык макалалар орун алган. Ар бир эпостун тематикалары өз-өзүнчө иштелген.
Жыйнактын биринчи бөлүмүн кыргыз элинин баатырдык эпосторунун бири болуп саналган “Жаңыл Мырза” эпосу түзөт. Эпостун Абдыкалык Чоробаевдин айтуусу боюнча сюжети кыскача баяндалып, башкы каармандар – Жаңыл, Калматай, Түлкүлөрдөрүн бейнесине, башка каармандарга, тулпарларга ж.б. адабий талдоо жүргүзүлгөн. Эпос тууралуу Г.А. Самариндин, Г. Искендерованын, А. Жайнакованын ж.б. изилдөөлөрүнүн тексттери, эпоско кайрылган К. Тыныстанов (“Жаңыл Мырза” поэмасы), И. Волобуева (котормочу), Т.Адышева (“Жаңылдын элеси” поэмасы) ж.б. адабият, искусство ишмерлеринин портреттерине орун берилген.
Экинчи бөлүмдө “Кыз Сайкал” поэмасына орун берилген. Мында эпостун негизги мазмуну, Карача, Сайкал, Сагда, Догур, Зарун сыяктуу баш жана экинчи пландагы каармандардын бейнелеринин адабий анализи, эпосто орун алган түш мотиви, андагы тулпарлар ж.б. жөнүндө маалымат берилет. Эпоско байланыштуу изилдөөлөр бөлүмүндө Г.Орозованын эпостун 2015-жылкы басмасына жазган баш сөзү, “Кыз Сайкал” эпосунун поэтикасы”, “Кыз Сайкал” эпосунда Манасты акыркы сапарга узатуу” аттуу макалалары, А.К.Исаеванын кыз баатырлар жөнүндөгү эпостордун мотивдик кору жөнүндөгү изилдөөсү жарыяланган.
“Мендирман” поэмасы жыйнактын үчүнчү бөлүгүн түзөт. Мында чыгарманын белгилүү эки вариантынын (Шапак Рысмендеев жана Кайду манасчы) тең кыскача сюжети берилген. Алардан соң З.А. Ажынаеванын кара сөз баяндамасынын тексти келтирилген. Изилдөөлөр бөлүмүндө Г.А.Самариндин, С.Байкожаевдин, А.Жайнакованын эпос тууралуу кеңириадабий талдоолоруна орун берилген.
6-томго “КЕДЕЙКАН”, “САРИНЖИ, БӨКӨЙ”,“КЕДЕЙКАН”, “ОЛЖОБАЙ МЕНЕН КИШИМЖАН кирди. Поэмалар буга чейинки томдордогу тартипке ылайык түзүлдү.
Жыйнактын биринчи бөлүмүндө “Кедейкан” эпосунун Калык Акиев жана А.Үсөнбаев айткан эки варианты берилди. Эпостун кыскача мазмуну иретинде О. Соороновдун жана М. Мукасовдун кара сөз түрүндөгү баяндоолору да кирген. Эпостун Кедейкан, Азимхан, Ак Эшен, Гүлайым баш болгон каармандарынын адабий образдарына талдоо жасалат. Кыргыз жана орус тилдериндеги эпостун үзүндүлөрү, эпостун аткарылышынын нотага түшүрүлгөн үлгүсү да орун алган. Эпос жөнүндөгү изилдөөлөр бөлүмүндө Асан Кайбылда уулунун, А. Обозкановдун, О. Соороновдун, Ш. Үмөталиевдин ж.б. изилдөөлөрүнө орун берилген. Персоналийлер бөлүмүндө Т. Сатылганов, К. Акиев баш болгон эпосту айтуучулар, изилдөөчүлөр ж.б. портреттери орун алган.
Жыйнактын экинчи бөлүмүндө “Саринжи, Бөкөй” поэмасы орун алды. Эпостун кыскача мазмуну, каармандары, тулпарлар, тексттен үзүндү берилди. Эпос тууралуу изилдөөлөр бөлүгүндө С. Байгазиевдин, А. Кайбылда уулунун, Р.З. Кадырбаеванын ж.б. изилдөөлөрүнүн тексттери, баш сөздөр келтирилди. Персоналийлер бөлүгүндө поэманы аткаргандардан С. Конокбаев, С. Бөлөкбай уулу, поэманын мотивинде күү чыгарган Ч. Исабаев сыяктуу өнөр адамдарынын, изилдөөчүлөрдүн порттерине орун берилди.
Жыйнактын үчүнчү бөлүмү “Олжобай менен Кишимжан” поэмасына арналды. Кыскача мазмуну А. Үсөнбаевдин вариантынын негизинде түзүлдү. Эпостун башкы жана кийинки пландагы каармандары Олжобай, Кишимжан, Солтобай, Бегимжан, Солтобай, Кудаке, ж.б. бейнелери жөнүндө кыскача маалымат берилди. Эпос тууралуу изилдөөлөр бөлүгүндө поэманын поэтикасы, көркөм идеясы жөнүндөгү А. Токомбаеванын көлөмдүү изилдөөсү, С. Станалиевдин публицистикалык макаласы ж.б. тексттер орун алды. Персоналийлер бөлүмүндө поэманын басылыштарына баш сөз жазган изилдөөчүлөр (М. Татыбеков, С. Байкожоев, Т. Казиев), окумуштуулар (А. Токомбаева, М. Мукасов, Ж. Сагындык кызы), жыйноочулар (А. Аралбай уулу, Р. Дор), поэмага кайрылган искусство ишмерлери, айтуучулар ж.б. портреттери түзүлдү. Мурда аз белгилүү болгон Матраим Кабылов, памирлик Пазыл аттуу айтуучулардын варианттары жөнүндө маалымат берилди.
7 томдо эпосторго тиешелүү жалпы терминдердин түшүнүктөрү токтоштурулду. Эпостордун сериясын чыгаруу улантылат.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1386