Урматтуу коллегалар!!!
Жыл сайын 26-апрелде дүйнөнүн бардык өлкөлөрү Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн салтанаттуу белгилешет. Салыштырмалуу жаш майрамыбыз 1999-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынып, биринчи жолу 2001-жылы белгиленген.
26-апрель тандоо кокусунан болгон эмес, дал ушул күнү 1970-жылы Эл аралык интеллектуалдык менчик уюму түзүлгөн.
Биздин Кыргызстанда майрам 2001-жылдан бери белгиленип келет.
Салт боюнча Интеллектуалдык менчик күндөрүн белгилөө 23-апрелден 26-апрелге чейин өткөрүлөт. Бул күндөрү ар кайсы шаарларда тематикалык форумдар, конференциялар, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы илимпоздорду Интеллектуалдык менчик күнү менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, улуу ачылыштарды, илимде жана жеке жашоодо ийгиликтерди каалайбыз.
КР УИА Президенти
мүчө-корреспондент
Абдрахматов К.Е.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1823