Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда техника илимдеринин доктору, профессор Жумабек Тентиевдин “Күн белгиси. Көчмөн цивилизациясы” аттуу китебинин бет ачары өттү

9-ноябрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында (УИА) техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер Жумабек Тентиевдин “Күн белгиси. Көчмөн цивилизациясы” аттуу китебинин бет ачары болду.

Китепти таанытуу иш-чарасына окумуштуулар, УИАнын илимий кызматкерлери жана башкалар катышып, китеп тууралуу омоктуу ойлорун айтып өтүштү. Ошондой эле анда жазылган талаштуу маселелерге токтолуп, маанилүү жерлерин белгилешти.

Аталган монография көчмөн цивилизациясына багытталып, анда атрибуттардын келип чыгышы, 12 айга бөлүнгөн жылнаама (календарь), 12 жаныбардын символикасынан турган түрк элдеринин салттуу жылнаамасы жана Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияга кеңири жайылган “Чыгыш жылнаамасы” камтылган.

Китеп “Кыргыз жылнаамасынын келип чыгышы”, “Байыркы мезгилдеги турак-жайлардын генезиси”, “Gun, Kun, Күн аталашындагы уруулар” жана “Көчмөн цивилизациясынын мурасы” деген 4 бөлүктөн турат. Автордун билдирүүсүндө көчмөн цивилизациясынын кичи дүйнөсүндөгү “ыйык үй” катары бааланган же башкача айтканда “боз үй” генезиси, прототиби тууралуу бир катар комплекстүү суроолор каралган. Андан сырткары кең Евразияга тараган боз үйдүн келип чыгышы, кимдер тарабынан ойлоп табылган деген сыяктуу ой жорумдар кошумчаланган.

“Күн белгиси. Көчмөн цивилизациясында” мейкиндик менен убакыттын мыйзам ченемдүү байланышы, архитектуранын пайда болушу, жогорку палеолиттеги байыркы уруулардын тили, символдору жана дүйнөгө болгон көз караштары, тарых илиминдеги, философиядагы, этнографиядагы, лингвистикадагы материалдарга болгон жаңы көз караштар жазылып, гипотеза жана теория түрүндө келтирилген.

Китеп окумуштууларга, аспиранттарга, студенттерге жана байыркы адамзат тарыхына кызыгып жүргөн жалпы окурмандарга арналган. Монографиядагы изилдөөлөрдүн максаты биринчи кезекте илимий коомчулуктун көңүлүн көчмөн цивилизацияга буруу болгонун Ж. Тентиев баса белгиледи. Анын айтымында бул эмгек автордун көп жылдан берки ойлонуштуруп жүргөн оюнун жыйындысы. “Күн белгиси. Көчмөн цивилизациясы” “Күн белгиси” (2014-ж.) китебинин толукталган варианты болуп эсептелинет. Китеп УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан басууга сунушталган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер