Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы салтанаттуу өттү

28-февралдагы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган иш-чарада манасчынын айтуучулук өнөрүн жана “Манастын” ага таандык вариантын изилдөө, жайылтуу жана сактоого багытталган сунуштар менен бирге Кочкор районуна манасчынын эстелигин тургузуу, музейин уюштуруу демилгелери көтөрүлдү.

“Манас” ааламынын генийи” аталышындагы илимий конференцияны Улуттук Илимдер академиясынын (УИА) Тил жана маданият институту уюштуруп, ага Президенттик аппараттын өкүлү Ш.Түмөнбаев, вице-премьер министр Ч. Султанбекова, Маданият, маалымат жана туризм министри Т. Казаков, ЖАКтын төрагасы А.Мавлянов, Билим берүү жана илим министринин өкүлү А.Муратов, Кыргыз эл жазуучулары К.Жусупов жана А.Жакшылыков окумуштуулар, коомдук ишмерлер, Кочкор районунун акиминин орун басары, жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери, манасчылар, С.Орозбаковдун туугандары катышты.

Жыйынды ачкан УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев конференциянын катышуучуларын куттуктап жатып буларга токтолду:

– “XX-кылымдын улуу манасчысынын кол жазмалары биздин академияда топтолуп, көчүрүлүп, сакталып, китеп кылып чыгарылып, изилденип келе жатат. Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесин алгачкылардан болуп биздин академияда белгиленип жаткандыгы өтө маанилүү деп эсептейм” – деди.

Вице-премьер-министр Ч. Султанбекова “Манас” үч илтигин изилдеп, коомчулукка жайылтып келе жаткан УИАнын жана ЖОЖдун окумуштууларына терең ыраазычылык билдирип, С.Орозбаковдун 150 жылдыгы быйылкы жылы белгиленген “адеп, ыйман жана маданият” жылынын алкагына киргизилгенин белгиледи.

“Залкар жазуучу Ч.Айтматов С.Каралаевди “XX-кылымдын Гомери” деп атаса, С.Орозбаковдун вариантына карата “Манас” эпосун “Кыргыз рухунун туу чокусу” деген. С.Орозбаковдун “Манас” ааламынын генийи” аталганы да бул чындык. Андыктан, кыргыз эли, өлкө ичинде жүргөн элдер “Манаска” карата өзгөчө сый мамиле жасоого милдетүү жана урматтоо алардын парзы” – деди вице-премьер.

Ал эми академик Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосун жазып алгандар, ошол мезгилдеги кыйынчылыктар, бүгүнкү күндө эпосту жайылтуу боюнча көйгөйлөргө кеңири токтолуп жатып төмөнкүлөрдү баса айтты:

– Албетте, “Манас” эпосун сыйлашыбыз керек. Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылмасы бүгүнкү күнү даяр болгону менен каражаттын жоктугуна байланыштуу басылбай турат. Сагымбай Орозбаковдун да вариантындагы “Манас” эпосун да басып чыгаруубуз зарыл. Биз ошону менен бирге мындан мурдараак Сагымбай Орозбаковдун мааракесин ЮНЕСКОдо, “Түрксойдо” белгилешибиз керектигин көтөрүп чыкканбыз. Бул маараке биздин мамлекеттик деңгээлде эле белгиленип калган болбойт! Жогорку деңгээлде белгилешибиз керек.

Кабыл алынган резолюцияда С.Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылышын, классикалык мүнөздөгү текстин жалпы массага кайра басып чыгаруу, манасчынын өнөрканасы боюнча жазылган илимий изилдөөлөрдүн жыйнактарын чыгаруу, ЖМКларда “С.Орозбаковдун өмүрү жана чыгармачылыгы” деген рубрика ачууну милдеттендирүү иштери сунушталды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков С.Орозбаковдун 150 жылдыгын масштабдуу түрдө өткөрүү өкмөттүн планына бекигенин, анын Талас менен Кочкор өрөөнүндө өтөөрүн, иш-чара Түрксойдун планына киргизилгенин да билдирди. Министр филолог-окумуштууларга манасчылардын айтуусундагы эпостун эпизоддорун салыштырып, изилдеп чыгууну өтүнүү менен бирге “Калпак күнү”, “Манас күнү” деп белгиленип жаткан күндөрдү бириктирип “Көчмөндөр жумалыгын” уюштурууну сунуштады. Андан сырткары ал улуттук идеологияны иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.

“Улуттук идеология деген эмоционалдык документ гана болуп калбашы керек. УИАда илимий жыйын куруп, иштеп чыгууга аракет жасап көрөлү, бүгүнкү резолюцияга киргизели” – деди Т.Казаков.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер