Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«МАНАС» эпосунун академиялык алыт токтому жакрык көрдү

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин “Семетей” эпосунун академиялык басылышынын алты тому жарык көрдү. Томдуктар Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Буга чейин “Манас” эпосу төрт том болуп чыккан болчу.

“Семетей” эпосу манасчынын эң көлөмдүү варианты. Анда 200 миң саптан ашык ыр камтылган. Академиялык басылыш болгондуктан илимий комментарийлер жана түшүнүктөр берилген. Академиялык варианттарды басмага даярдагандар: институттун кызматкери Айнек Жайнакова, илимий редактору академик Абдылдажан Акматалиев.

Китептер “Турар” басмасында 1000 нускадан жарык көрдү. Академик А.Акматалиев китептердин чыгышы тууралуу мындай деди: ““Манас” эпосунун академиялык басылыштарын даярдоо 1992-жылы башталган эле. Ал кезде директор катары “Манас” бөлүмүндөгү кызматкерлерди “Сагымбай таануу” жана “Саякбай таануу” деген эки группага бөлүп, академиялык басылыштарды даярдай баштаганбыз. “Сагымбай таанууну” Самар Мусаев, “Саякбай таанууну” Айнек Жайнакова жетектеди. Иш өтө татаал жана жоопкерчиликтүү болду, мындай чоң көлөмдөгү эпостун академиялык басылыштарын даярдоодо үлгү жок болчу. Ошентсе да иш процесси жүрүп кетти. Бирок бизди кыйнаганы басып чыгарууга каражат жок болуп жатты. Жада калса “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда китепке каражат толук бөлүнгөн эмес эле. Биз улам-улам республикалык жетекчиликке кайрылып жаттык, акыры академиялык басылышты 2012-2017-жылдарда “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү боюнча Улуттук программага киргиздик. Бул программаны ишке ашырууда да тоскоолдуктар болду. 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы академиялык басылышы толук жарык көрүп, Билим, илим жана Маданият министрликтерине өткөрүп бердик. Ал эми Саякбай Каралаевдин академиялык басылышын чыгаруу аякталып калды. “Семетей” бөлүмүнө бир аз каражат бөлүнсө эле толук бүтөт. Негизги максат орундалды, чындыгында өтө кубанып жатабыз, китептердин бет ачарына даярдануудабыз”.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер