Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИА “Акыл-тирек” интеллектуалдык сынагынын жеңүүчүлөрү

24-мартта Улуттук илимдер академиясы менен “Прогрессивдүү демилгелер фонду” 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “Акыл-Тирек” интеллектуалдык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттукташты.

Быйылкы сынакты илимдер академиясы менен “Прогрессивдүү демилгелер фонду” биргелешип өткөрүшкөн. Анда УИА сынакка катышкандардын ишин баалоо боюнча эксперт катары да иш алып барды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев, УИАнын башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчө Чолпонкул Арабаев жана “Прогрессивдүү демилгелер фонду” коомдук фондунун негиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбековдор тапшырышты.

Абдыганы Эркебаев жеңүүчүлөрдү сыйлыгы менен куттуктап жатып, “Прогрессивдүү демилгелер фондунун” бир топ жылдардан берки жасаган иштерине жана өлкөдөгү илимдин бааланышына токтоло кетти:

“Бир топ жылдардан бери алгылыктуу иштерди жасап келе жатасыңар. Көп каражат жумшоо менен олтуттуу иштерди жасоо ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Андан сырткары баса белгилеп кетким келген нерсе Швеция, Финляндия, Израиль жана Сингапур сыяктуу өнүккөн өлкөлөр жана башка алдыда бараткан миңдеген мамлекеттер эки жагдайдан улам гүлдөп жатат. Алардын ишкерлери күчтүү жана алар ар дайым илим менен билимди колдошот. Кирешесинин 30-40%зын илимге жумшашат. Бизде илимди колдогон бизнесмендер бар, бирок аз. Ал эми улуттук кирешенин 2 төмөн эмес пайызы аталган тармакка жумшалышы керек эле. Биздин өлкөнүкү тилекке каршы абдан төмөн. Болгону 0, 08%ды түзүп жатат” – деди ал.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер