Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын илимий кызматкери сыйлыкка татыктуу болду

УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун улук илимий кызматкери, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Батырбекова “Прогрессивдүү демилгелер фонду” уюуштурган “Акыл Тирек“ интеллектуалдык сынагынын жеңүүчүсү болду.

Жыл сайын “Прогрессивдүү демилгелер фонду” тарабынан өткөрүлүп келүүчү “Акыл Тирек “ интеллектуалдык сынагы 24-мартта Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында чоң салтанат менен өттү.

Сынактын максаты жаш илимпоздорду колдоо, өлкөнүн социалдык абалын чагылдырып, иновациялык жетишкендиктерди деги эле иновацияга салым кошуп жаткан окумуштуулардын эмгектерин баалоо болуп саналат. Аталган сынака окуу жайлар жана илимий иш-каналар өздөрүнүн көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан адистерин татыктуу талапкер катары көрсөтүшкөн. Сынака жалпысынан 78 катышуучу катышкан.

Сынак тууралуу Жылдыз Батырбекова төмөндөгү оюн билдирди: “Кыргызстанда илимге керектүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келет, ошон үчүн жаш окумуштууларга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөн “Акыл Тирек“ сынагы өтө керектүү демилге. Сынактын уюштуруучуларына ыраазычылыгымды билдирем“ – деди ал.

Айта кетсек, “Прогрессивдүү демилгелер фонду” уюуштурган “Акыл Тирек“ интеллектуалдык сынагынын катышуучуларынын эмгегин баалоодо быйыл Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да катышкан.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер