Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Апрель баатырларынын Ала-Тоо аянтындагы эстелигине гүл чамбар койду

Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда курман болгондорду эскерип, алардын Ала-Тоо аянтындагы монумент эстелигине гүл койду. Шейит кеткендерге арналып куран да окулду.

Тарых жана маданий мурастар институтунун директору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Аблабек Асанканов элдик революция күнү жөнүндөгү оюн айтып жатып, төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бул революциянын Кыргызстан үчүн мааниси абдан зор. Ал кезде өлкөнү К.Бакиев башкарып, авторитардык бийлик орноштурган эле. Мамлекет бүгүнкү күнү парламенттик-президенттик башкарууга өттү. Эң негизгиси криминалдашкан, коррупцияланышкан үй-бүлөлүк башкаруу жоюлуп, өлкөдө демократиялык башкарууну орнотууга жол салынды».

Мындан 7 жыл мурун коомчулуктун калың катмары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине нааразычылыгын билдирип митингге чыккан. Мыйзамдуулук жана саясий туруктуулукту орнотуу үчүн митингге чыккандардын арасынан 87 адам мерт кеткени маалым. Кыргызстандын эли үчүн бул тарыхый окуя маанилүү дата катары белгиленип, Жогорку Кеңеш 2010-жылдын 7-апрелин «Элдик Апрель революциясы күнүн» жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер