Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Аскар Кутанов: “Дагы бир муунду жоготуп албаш үчүн иштешибиз керек”

Жолугушууда өлкөдөгү инновацияны өнүктүрүүнүн айланасындагы маселелер, Улуттук илимдер академиясы менен БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ортосундагы тажрыйба алмашуу тууралуу пикирлер айтылды.

ЕЭКтин Миссиясынын өкүлдөрү Славо Радошевич, Ральф Хайнрик, Кристофер Ати, Рушен Добрински менен техника илимдеринин доктору, УИАдан академик Аскар Кутанов, Машина таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин доктору, академик Мурат Джуматаев жана академиянын кызматкерлери жолукту. ЕЭКтин өкүлдөрү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндө инновациянын мааниси тууралуу сереп даярдоо максаты менен келишкенин, программанын алкагында УИА, министрликтер, ЖОЖдор жана эл аралык уюмдар менен жолугушуу планын, анын ичинде УИАдагы инновациянын жана илимий-техниканын өнүгүү деңгээлине кызыкдар экендигин билдиришти.

Техника илимдеринин доктору, академик Аскар Кутанов ЕЭКтин өлкөдөгү инновацияны өнүктүрүү боюнча суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Өлкөнү өнүктүрүүдө инновациялык саясат абдан маанилүү болуп эсептелинет. Ал эми Кыргызстанда азыркы учурдагы илимдин абалы жакшы эмес. Бизде бир нерсени ойлоп табуу өтө кыйын болуп турган убак. СССР кулагандан кийин окумуштуулардын бир муунун жоготуп алдык. Биздин куракта болгону 3-4 гана академик бар. Биз дагы алдыдагы бир муунду жоготуп албаш үчүн иштешибиз керек. Эгерде биз силер менен бир система кура алсак академиялык коомчулукту түзүп алганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.”

Ал эми техника илимдеринин доктору, академик Мурат Джуматаев Машина таануу институтунун ишмердүүлүгү тууралуу: “Кадрларды сактап калууга, ойлоп табууларга жана каражат табууга болгон аракетибизди жумшап келебиз. Машина куруу тармагы алдыга жыларынан үмүтүбүз чоң. Бизде идеядан баштаган аны ишке ашырып сатууга чейинки кыйынчылык күчтүү. Андыктан инновацияны илгерилетүү үчүн силер дагы бизге өз тажрыйбаларыңардан бөлүшөт деген ишенимибиз бар” – деген оюн айтты.

Ага жооп кылып ЕЭКтин делегациясынын башчысы, Миссиянын эксперти Ральф Хейнрик тажрыйба алмашуу сөзсүз түрдө болоорун айтып, өлкөнү өнүктүрүүдөгү инновациянын зарылчылыгын, инновация дегенде анын ичине жеке эле илимий-технологиялар эмес, модернизация, жаңы тейлөөлөр, продуктылар, ишкерлик процесстери, социалдык илгерилетүү менен экологиялык туруктуулук эске алынышы керектигин белгиледи.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер