Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ысык-Көлдө өтүүчү XII эл аралык мектеп-конференциясы быйыл август айына белгиленди

КР УИАнын академик Ж.Ж.Жээнбаев атындагы Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институту тарабынан Ысык-Көлдө өтүүчү XII эл аралык мектеп-конференциясы 2017-жылдын 3-9 августунда болмокчу.

Салтка айланып калган Ысык-Көл эл аралык конференциясы жана Кыргызстандагы SCORPh жайкы мектеби өткөрүп келген бул иш-чара бүткүл дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын жана ар кайсы өлкөдөн келген жаш изилдөөчүлөрдүн башын бириктирмекчи.

Бул жылы конференциянын тематикасын кеңейтүү, жаңы, келечектүү материалдарды өндүрүү жана изилдөө боюнча чечим кабыл алынды.

«Биздин ушул убака чейин өткөрүп келген илимий форумубуз Орто Азия республикаларынын жана Россия коомунун илимий жашоосунда көрүнүктүү орун ээледи. Себеби окумуштуулар бири-бири менен пикир алмашат, бул илимий прогресстин өнүгүүлөрүн жана алган билимин практикада колдонгонго мүмкүнчүлүк ачат» – дейт конференциянын төрагасы УИАнын корреспондент-мүчөсү М.М.Кидибаев.

Конференция окумуштуулар жана студенттер үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк, анткени Россия, Борбор Азия жана алыскы чет өлкөлүк адистер биргелешип билим программалары боюнча макулдашууга шарт түзүлмөкчү.

Иш-чарага Кыргызстан, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Кыргыз Республикасынын физика коомунун төрагалары катышат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер