Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Биймырза Токторалиев: “Биздин милдетибиз – коомду сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү”

Иш-чарада учурдун маанилүү көйгөйү болгон диний радикализм жана терроризм коркунучунун алдын-алуу чаралары, аталган маселени илимий-фундаменталдык жана комплекстик дисциплиналар аралык жана эл аралык изилдөөлөр аркылуу чечүү жолдору каралды.

Улуттук Илимдер академиясы, Иран Республикасынын КРдагы элчилиги жана Кыргызстан Эл аралык университети (КЭУ) биргелешип уюштурган “Руханийлик жана рационалдуулук экстремизмге каршы күрөшүүнүн фактору катары” аталышындагы конференцияга жергиликтүү жана Иран мамлекетинин окумуштуулары, коомдук ишмерлер, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, УИАнын кызматкерлери, Иран мамлекетинин элчилигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, жаш изилдөөчүлөр жана КЭУнун студенттери катышты.

Конференцияда постсоветтик Азия өлкөлөрүндөгү ислам дининин кайра жаралуу өзгөчөлүктөрү, Кыргызстандагы ислам дининин өнүгүү тарыхы, диний экстремизмдин факторлору, өлкөдөгү жаштардын диний маданияты жана карама-каршылыктар, радикализмдин жаштардын аң-сезиминин өсүүсүнө болгон таасири туурасында докладдар окулуп, ошондой эле Кыргызстан жана Иран мамлекеттеринин кызматташтыгы жөнүндө дагы айтылды.

Пленардык форумда академик Биймырза Токторалиев жалпы дүйнө коомчулугун кооптондуруп жаткан маселе бир гана мамлекет эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн маанилүү экендигин айтты. “Мындай учурда өлкөлөрдүн бири-бири менен болгон ынтымактыгы коркунучтардан сактанууга жардам берет. Андыктан бул көйгөй жеке киши же мамлекеттики эмес, жалпыныкы болуп эсептелинет. Ал эми биздин милдетибиз – коомду бүлүндүрбөй, сактап кийинки муунга өткөрүп берүү” – деди.

Иш-чарага келген М.Кашгари атындагы чыгыш университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев бүгүнкү күндө жаштардын исламды түшүнүүсү, алардын кээ бирлеринин улуу муундан алыстоосу, мындай көрүнүштөрдүн эгемендүү мамлекетти курууда тийгизген кесепети, салттуу исламдын артыкчылыгы, салттуу исламды жайылтып, радикализмди жеңүүнүн жолдору жөнүндө пикирин бөлүштү жана болуп жаткан иш-чара жөнүндө төмөнкүдөй оюн билдирди:

– “Бүгүнкү иш-чарада исламдын эмне себептен радикалдык, экстремисттик жана террористтик жолго түшүп кеткендиги, андан чыгуунун жолдорун караганга аракет болуп жатат. Уюштуруучулардын дагы бир максаты – эки мамлекеттин: Кыргызстан менен Ирандын дин боюнча илим-билимдүүлөрдүн башын бириктирип, радикализм жана башка терс көрүнүштөргө жол бербөөгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу. Мен ислам тарыхы, маданияты жөнүндө көп жылдан бери изилдөө жүргүзүп жүрөм. Динди радикалдардын куралы кылбаш үчүн жер-жерлерге барып диний секталардын айырмасын жана салттуу динди түшүндүрүү боюнча иш жүргүзүү туура. Бүгүнкүгө окшогон иш-чараларга 400-500 киши гана катышып жатат. Бул абдан аз. Биз кыргыз болгондон кийин кыргыздын каада-салтын, баалуулуктарын сакташыбыз керек” – деди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер