УИАнын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Нифадьев Владимир Иванович 70 жылдык мааракесин белгиледи.
Академик Владимир Иванович физикалык жардыруунун энергиясын башкаруу боюнча жаңы ыкмаларды, технологияларды иштеп чыккан илимпоз.
Жардыруучу заттардын кубаттуулугунун чегин кеңейтүүчү төмөн тыгыздыктагы жана өтө төмөн тыгыздыктагы рецептуралык түзүмдөрдү, жардыруунун пайдалуу таасиринин коэффициентин жогорулатуучу кен калдыктарынын касиеттерине ылайык заряддардын энергетикалык жана детонациялык мүнөздөмөлөрүн башкаруунун ыкмаларын,кичинекей жана орто диаметрдеги шуруптардын жана скважиналарды колдонуунун бекемдигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген жөнөкөй жардыруучу аралашмалардын импульсуна күч берген детонациялык жөндөмдү жана сезгичтикти жогорулатуунун ыкмасын иштеп чыккан. Ал 160 илимий эмгектин, 28 ойлоп табуулардын автору. Илимий багытта 30 жылдык тажрыйбасы бар адис.
Окумуштуу 1986-1990-жылдары ЦК Кыргызстан Компартиясынын аппаратынын илим боюнча бөлүм башчысынын орун басары, 1990-1993-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын Физика жана механика тектери институтунун директору, 1993-ж. Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору кызматтарын аркалаган. 1998-жылы Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты.
2004-ж. «Дружба» (Орусия) ордени менен сыйланган.
2007-ж. «Данакер» (Кыргыз Республикасы) жана «Петр Великий» (Орусия) ордендери менен сыйланган.
УИАнын жалпы эмгек жамааты сизди торколуу тоюңуз менен куттуктап, чың ден соолук, бакубат жашоо, илимий жетишкендиктерди жана ишиңизге ийгиликтерди каалайт!
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2429