Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Арсланбаб токоюнун” экспозициясын түзүү үчүн 400 мөмөлүү дарак отургузулду

Өткөн ишембиде УИАнын Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык багында 400 түп көчөт (100 түп – грек жаңгагы, 100 түп – долоно, 100 түп – бадам, 50 түп – алча жана 50 түп – магалеб чиеси) отургузулуп, ишембилик өткөрүлдү. Ал “Азиатский горный сад” концепцияснын алкагында өттү. Ботаникалык бактын директору Медет Ахматбековдун билдирүүсү боюнча көчөт отургузуу мындан ары дагы улантыла бермекчи.

«Буга чейин даярдоо иштери жүргүзүлүп, эски бактар менен бадалдар буталып, өсүмдүк отургузууга жер даярдалган эле. Ишембиликке катышкан Президенттик аппараттын жана ЖКнын өкүлдөрү ботаникалык бакты жана ага тиешелүү территорияны кол салуулардан сактоону мыйзам чегинде чечип берүүнү убадалашты. Беларусиянын Минск шаарындагы Ботаникалык бак «Улуттун мүлкү» деген наамды алды, менин оюмча биздин бак дагы ушундай наамды алууга татыктуу» – деди Ахматбеков.

Ишембиликке 500 ашык мамлекеттик кызматкер катышып, Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков баш болгон фракция депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын, акимияттын кызматкерлери жана ыктыярчылар көчөт отургузууга кол кабыш кылышты. Мэрияга караштуу «Зеленстрой» муниципалдык кызматы агрессивдүү бадалдарды кыркуу менен аталган территорияны ишембиликке даярдады.

Маалымат үчүн:
Ботаникалык бактын негизги ишмердүүлүгү интродукциялык илимий ачылыштарга, өсүмдүктөрдүн селекциясына жана мамлекетти жашылдандырууга багытталган. Жергиликтүү жана башка райондордогу Генофонддогу жандуу өсүмдүктөрдүн коллекциясы, үрөн банкасы сакталып, өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрү менен сортторун тажрыйбадан өткөрүү, түшүмдүүлүгү жогорусун, декоративдүү жана климаттык шарттарга туруктуусун тандоо жана аны менен өлкөнүн флорасын байытуу, мөмө жемиштүү жана гүлдүү өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тандап, аларды региондордо өстүрүү анын негизги милдеттеринен болуп саналат. Аталган жай жогорку жана орто окуу жайларынын өндүрүштүк жана окуу практикасын өткөрүүчү базасы катары дагы кызматын өтөп келет.

Борбордук Азиядагы эң ири болуп эсептелинген Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген (1968-жылы Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин1968-жылдын 9-сентябрындагы №396 токтомуна ылайык Кыргыз ССРнин илимдер академиясынын дендрологиялык тилкеси атайын корук болуп жарыяланган). Өлкөнүн улуттук сыймыгы болгон бакта Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар тарабынан алынып келинген, акыркы убактарда кызматкерлердин талыкпас мээнети менен сакталып келе жаткан жандуу өсүмдүктөрдүн уникалдуу коллекциясы чогултулган. Азыркы тапта дендрарий жайгашкан жерде (И.Ахунбаев көч. 1а) “Ботаникалык бак” ресурстук борбору ишин жүргүзүп, жашылдандыруу боюнча адистер жана калк үчүн лекциялар, мастер-класстар өтүлүп турат. “Арсланбаб токоюнун” экспозициясы Ботаникалык бакты реконструкциялоо боюнча “Азиатский горный Сад” концепциясына тиешелүү болуп эсептелинет. Концепция УИАнын илимий кызматкерлеринин сунушун эске алуу менен жергиликтүү жана чет элдик эксперттердин тобу тарабынан иштелип чыккан.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер