Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыздын чыгаан этнограф окумуштуусу Имел Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтүүдө

Бүгүн, 18-апрелде УИАда кыргыздын чыгаан этнограф окумуштуусу, «Манас» жана башка дастандарды иликтөөчү, тарых илимдеринин доктору, профессор И.М.Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган «Имел Молдобаев жана заманбап кыргыз этнографиясы» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтүүдө.

Иш-чарага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары Орусия Федерациясынан – археолог, кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск ш.), Хакас Республикасынан тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич Бутанаев (Абакан ш.), Кытай Республикасынан филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу Кырмыштегин (Үрүмчү ш.), Түркиядан – Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев (Кастамону ш.) жана башка археолог, этнолог окумуштуулар катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарыхын, маданиятын, этнографиясын изилдеген тарыхчылар, этнографтар, адабиятчылар жана коомдук илимдердин өкүлдөрү көрүнүктүү кыргыз этнографы Имел Бакиевич Молдобаевдин өмүр жолу, кыргыз тарыхын, фольклорун, этнографиясын изилдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу табылгаларын өз баяндамаларында ортого салышып, кыргыз элинин этнографиясын иликтөөдөгү заманбап маселелерди талкуулашты.

Иш-чарада илимпоз Виктор Бутанаев окумуштуу Имел Молдобаевдин ага жазган каттарын КР архивдин жетекчиси Орунбай Ахмедовго тапшырылды. Каттарды тапшырып жатып Виктор Бутанаев: «Бул каттарда биз ошол маалда этнографияга, тарыхыбызга арналган маселелерге, көйгөйлөргө токтолчубуз. Эми бул каттар да тарых болуп калат, жаштар да билишсин. Имел Молдобаевге арналган архивге дагы бир салым болот» – деди.

Маркум илимпоздун жаркын элесине арналган илимий жыйын жана эскерүү чарасын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» коомдук фоду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси ошондой эле маркумдун жакындары биргелешип уюштурушууда.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер