Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Белорусия илимдер академиясынын академиги А.Р.Цыганов менен жолугушту

УИАга Белорусия Мамлекеттик Технологиялык Университетинин биринчи проректору, Белорусия улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл-чарба илимдеринин доктору, химия илимдеринин кандидаты Цыганов Александр Риммович келди.

Жолугушуунун максаты Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий байланыштар боюнча тажрыйба менен таанышуу. Ошондой эле Кыргызстандын окумуштуулары менен байланышты чыңдоо, биргелешип бакалавр жана магистрлерди, илимдин кандидаттарын даярдоодо, илимий изилдөөлөрдү алып баруу.

Александр Риммович Белоруссия илимдер академиясынын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Бизде азыр 6 миң окумуштуу илим менен алектенет. Азыр биздин изилдөөлөрүбүз космоско, квант механикасына, светодиоддор, наноматериалдарга басым жасалган. Аталган жана башка тармактарда көп ийгиликтерге жетүүдөбүз. Бүгүнкү күндө биз эл аралык кызматташуну кеңейтүү максатын көздөп жатабыз. Кыргызстанга да билим берүүнү эки өлкөнүн ортосунда өткөрүү жагын байкоо үчүн келдик».

Иш-чарага УИАнын академиги А.Акматалиев, корреспондент-мүчөсү А.Жунушев, Химия-технологиялык медицина-биологиялык жана айыл-чарба бөлүмүнүн окумуштуулары катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер