Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Кыргызстан-2017” эл аралык жарманкеси

УИАнын Технопаркы жана Машина таануу институту инновациялык, жаңы техникалык жана технологиялык иштелмелери менен шаймандарын Эл аралык универсалдуу “Кыргызстан-2017” жарманкесинде көргөзмөгө койду.

Анда «Импульс» аталышындагы гидравликалык шаймандардын комплектиси көргөзүлүп, өзгөчө кырдаалдарда, жаратылыш кырсыктары, тилсиз жоо же жол кырсыгында татаал иштерди аткара ала турган кескич көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Аталган кескич кырсык болгон учурда тетиктердеги, талкаланган имараттардагы ыкчам кесүү керек болгон жука темир, түтүк, арматура сыяктуу заттарды кесүүгө ылайыкталган. Дагы биринин урандыларды алып, талкалап жана жыйнай турган функциясы бар. Гидравликалык аппараттын колго иштетүүчү, бургулоочу, балка, кайчы, цилиндр түрүндөгү айрым шаймандары комплекстүү иштерди аткарууга да жөндөмдүү.

Көргөзмө тууралуу Машина таануу институтунун 1-категориядагы инженери Назира Мелис кызы төмөнкүлөрдү айтып берди: «Буга чейин аталган жарманкеге чакан жана орто салмактагы бургулоочу түзүлүштөрдү коюп келгенбиз. Алар абдан көлөмдүү болгондуктан бул жолкусунда алып келе алган жокпуз. Быйыл алардын ордуна авариялык жагдайларда жардамга келүүчү шаймандарды койдук» деди.

Ал эми негизинен жарманкеде Ата мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан өндүрүлгөн, калктын суроо-талабын камсыздандыра турган товарлардын бардык түрлөрү, кондитердик азыктар, бал, эт, нан азыктары, спирт жана алкоголсуз ичимдиктер, минералдык суулар, шире менен чайдын түрлөрү, ошондой эле фармацевтикалык жана косметикалык препараттар, тиричилик техникалары, текстиль, кийим-кече, чарба, химиялык тиричилик буюмдары, күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмзаттар көргөзүлдү.

КРнын өкмөтү жана КРнын Соода өнөр –жай палатасы тарабынан уюштурулган көргөзмө «Ишкерликтин кызыкчылыгы – коомдун келечеги» деген ураан алдында, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия жана Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер