Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда Web of Science платформасындагы реферативдүү маалымат базаларын колдонуу боюнча семинар

25-апрелдеги семинар Кыргыз Улуттук илимдер академиясы (УИА), Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана Clarivate Analytics компаниясынын демилгеси менен ишке ашырылды. Анда УИАнын окумуштуулары, аспиранттары жана илимий кызматкерлери Web of Science эл аралык илимий метрикалык платформасынын реферативдүү маалымат базасынан кабардар болуп, кошумча маалыматка ээ болушту.

ББИМге караштуу Илим департаментинин башкармалыгынын жетекчиси Догдурбек Чонтоевдин билдирүүсү боюнча изилдөөчүлөрдүн илимий эмгектерин эл аралык, жогорку импакт-факторго ээ журналдарга берүүгө шыктандыруу иши “Кыргыз Республикасындагы илимди уюштуруу түзүмүн реформалоонун концепциясында” каралган. Ал эми илимий мекемелерди мындай системаларга кошуу аракети – баасы 10 млн сомдон кем эмес болгондуктан бир нече жылдарга созулуп келет. Анын айтуусунда азыркы учурда көпчүлүк бөлүгүн ЖОЖдор түзгөн 24 мекеме аталган платформага кошулган. Ошондой эле Д. Чонтоев окумуштуулардан эл аралык басылмаларга макала берүүдө активдүү болууну өтүндү. Анын айтымында эл аралык басылмаларда геология илими жана медицина боюнча макалалар басымдуулук кылып, башка тармактардыкы жокко эсе.

Clarivate Analytics компаниясынын Алматыдагы филиалынын маалымат булактары жана билим берүү программасы боюнча адиси Лязиза Мукашева Web of Science маалымат базасын колдонуу, анда иштөө ыкмалары, изилдөөчүлөрдүн эмгектерин дүйнө жүзүнө жарыялоо мүмкүнчүлүгү, кесиптештерди табуу, макалалардын рейтингин көзөмөлдөө тууралуу кенен айтып берди.

Эскерте кетсек, ББИМ менен Clarivate Analytics компаниясынын ортосундагы кызматташтык жана илим изилдөөчүлөрдүн Web of Science базасына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча келишимге 2016-жылдын 27- декабрында кол коюлган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер