Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын окумуштуусу Казанда өткөн эл аралык конференцияга катышты

25-апрелде Татарстанда өткөн “Маданияттардын ар түрдүүлүк контекстиндеги Галимжан Ибрагимовдун мурасы” аталышындагы илимий-практикалык конференциясында УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Гүлжигит Соронкулов илимий докладын окуду.

Аталган конференция татар адабиятынын классиги, журналист, адабият таануучу, сынчы, тарыхчы, тилчи, педагог-методист жана саясатчы Галимжан Гирфанович Ибрагимовдун 130 жылдыгынын урматына арналып, иш-чараны Татарстан Республикасынын илимдер академиясынын Г.Ибрагимов атындагы Тил, адабият жана искусство институту Эл аралык Түрк академиясы, Башкыртстан Республикасынын илимдер академиясы жана Орусиялык гуманитардык илимий фонду менен биргелешип уюштурган.

Эл аралык иш-чарага КР УИАнын, Орусия илимдер академиясынын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Башкыртстандын, Крымдын, Чувашиянын жана Удмуртиянын илимпоздору катышкан. Гүлжигит Соронкулов өзүнүн докладында Г. Тукай менен акын Алыкул Осмоновдун тагдырлары жана чыгармачылыгындагы дал келүүчүлүктөрдү табуу менен алардын “К народу” жана “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт” ырларындагы окшоштуктарды белгилеп, андагы жогорку жарандуулукту таап көрсөткөн.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер