4-майда боло турган, улуу Жеңишке арналган конференцияны УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту уюштурууда.
Тарыхчы-окумуштуулардын бүгүнкү күндөгү милдети – Улуу Ата Мекендик согуш туурасындагы тарыхый маалыматтарды жана фактыларды анык берүү менен жаштарды патриотизмге тарбиялоо, ошондой эле азыркы тапта коомдо болуп жаткан нацизм жана фашизм сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө аракети болуп эсептелинет.
Аталган иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖдун окутуучулары, коомдук ишмерлер жана аспиранттар чакырылат. Тегерек столдун катышуучуларынын макалалары РИЦИ (Россиялык илимди цитирлөө индекси) индексине ээ “История. Археология. Этнология” илимий журналына жарыяланат.
Конференциянын алкагында жарыялана турган илимий макалалар тууралуу маалыматарды tem75@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2207