Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Археолог Б.Аманбаева: “Эстеликтерди изилдөөдө тийиштүү структуралар жапа тырмак иш алып барышы керек”

УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту Чүй өрөөнүндөгү шаар чалдыбарларын сактап калууга багытталган “Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинарын өткөрдү. Анда байыркы шаарлардын тарыхый мааниси, аларды сактап калуу, тереңден изилдөө, коомчулукка жайылтуу, туристтерди кызыктыруучу обьекти катары өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Ошондой эле иш-чарада аталган шаар чалдыбарларынын тегерегин тосуу, коруу максатындагы иш-чаралар менен бирге эстеликтерди музейге айлантуу, атайын комплекс, коруктарды уюштуруу, аталган эски шаарлар тууралуу атайын маалыматтык базаны интернетке киргизүү, сайт иштеп чыгуу, туристтер үчүн маалыматтык карта түзүү демилгелери белгилүү болду.

Тарых жана маданий мурастар институту уюштурган семинарга УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкерлери, Тейко университетинин (Япония, Токио) өкүлдөрү К. Ямаучи, К.Мочизуки, Тажикстан Республикасынын илимдер академиясынын өкүлү Б.Бобомуллаев, ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарова, Бурана археология-архитектуралык музей комплексинин кызматкери Т.Урбаевалар катышты.

Чүй өрөөнүндөгү Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) айылдарындагы шаар чалдыбарларындагы изилдөөлөр УИАнын археологдору жана Тейко университетинин кызматкерлери тарабынан ишке ашырылып келет. Орто кылымдарга таандык тарыхый эстеликтерди 2014-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү чечими кабыл алынган.

ТММ институтунун археолог-изилдөөчүсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Аманбаева шаар чалдыбарларынын үстүнөн иш алып баруудагы оош-кыйыштар тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

“Бүгүнкү конференция менен эле иш жыйынтыкталып калбайт (кыргыз-япон илимий-изилдөөчүлүк долбоорунун келишими 2020-жылга чейин түзүлгөн), максатыбыз коомчулуктун көңүлүн аталган эстеликтерге буруу. Биздин ишибизге ЖОЖдор дагы кошула баштады, эң негизгиси иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Казуу иштерин жүргүзүп жатабыз, мындан ары эстеликтерди консервациялоого өтөлү деген ойлорубуз бар”

Андан сырткары “биздин өлкөдө Маданият министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү, район администрациясы) сыяктуу структуралардан турган эстеликтердин археологиясы боюнча иш алып баруучу механизм жок” – деген оюн билдирди окумуштуу.

Ал эми Тейко университетинин кызматкери, япон археологу К. Ямаучи УИА менен болгон кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү үчүн аталган эстеликтердин мааниси чоң экендигин баса белгилеп кетти.

“Кыргызстан Улуу жибек жолунун борборунда жайгашкан өлкөлөрдүн бири. 2011-жылдан бери Кыргызстанда изилдөө иштерин жүргүзүп келем. Бүгүнкү иш-чаранын тарыхый, археологиялык билимди тереңдетүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жардамы тиет деген ойдомун” – деди.

“2014 –жылы Чүй облусундагы үч шаар чалдыбары (Невакет, Суяб, Баласагын) ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Андыктан мамлекет эл аралык нормаларга ылайыктап, аталган эстеликтерди коргоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп эсептейм” – деди ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарова.

Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери В.Кольченко окуган докладында мамлекеттик маанидеги эстеликтерди фиксациялоодо айрым маселелер бар экендигине токтолду. Анын айтымында учурда өлкө боюнча 67 эстелик бар (алардын 53ү археологиялык эстеликтер, 20сы шаар чалдыбарлары).

“П.Кожемяконун изилдөөлөрү боюнча 1959-жылы 62 шаар чалдыбары бар деп көрсөтүлгөн болсо, кийинкилеринде андан дагы арбын. Айрым эстеликтердин аталыштары туура эмес жазылгандыктан, локализациялоо ишине тоскоолдук жаралган учурлар болууда” – деди изилдөөчү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер