Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын президентинин м.а., академик М.Жуматаев: “Силер биздин ордубузду басасыңар. Андыктан, билим алууга, өсүүгө гана багыт алгыла”

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев УИАнын бөлүмдөрүнүн төрагалары жана Президиумдун кызматкерлери менен биргелешип аспиранттар жана изденүүчүлөр менен жолукту.

Чогулушта аспиранттар туш болуп жаткан маселелер, алардын билим алуусун жана илимий ишин илгерилетүү үчүн болгон аракеттер талкууга алынды. Стипендиянын көлөмүн көбөйтүү, илимди жактоодо аларга көмөктөшүү сыяктуу кошумча жардамдардын керектиги да айтылды.

Ошондой эле суроо-жооп иретиндеги пикир алышууга убакыт берилип, анда болочок илимпоздор өзүлөрү үчүн көйгөйлүү болуп жаткан суроолорго жооп ала алышты. Жаш илимпоздордун изилдөө иштеринде жабуулардын, компьютерлердин жетишпегендиги, алардын изилдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн чет мамлекетке баруу мүмкүнчүлүктөрү, илим жактоонун документ маселеси Улуттук илимдер академиясынын алдыда чече турган маселелери катары эске алынды.

М. Жуматаев ар кандай тоскоолдуктарды, талаш-тартыштуу маселелерди чечүү үчүн кайрылып турууга ар дайым эшик ачык экендигин кошумчалады.

“Силер келечекте биздин ордубузду баса турган илимпоздорсуздар. Андыктан, көйгөйлөрдү тартынбастан айтып, билим алууга, өсүүгө гана багыт алгыла” – деди академик.

Ал эми “Илим” маалыматтык-басма борборунун директорунун кызматын аткаруучу Назгүл Жолочуевна Мазекова аспиранттарды “УИА кабарлары” жана “Жизнь науки” илимий журналдарына макала берүүнү сунуштап, анын жол-жоболору менен таанышууга чакырды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер