Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Э. З. ГАРЕЕВ атындагы Ботаникалык бак жашыл шаарды калыбына келтирүүгө чакырат

Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчилиги, Бишкек шаардык кеңеши жана “Инициатива Арча” коомдук фонду биргелешип, Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча тегерек стол өткөрдү.

Эксперттердин эсептөөсү боюнча коомдук жайлардын бак-дарактуу жерлердин (парктар, бактуу аянтчалар, токой, көчөлөр) саны кескин кыскарып кеткен. Азыркы учурда бир тургун үчүн 3,5 чарчы метрди түзөт (адаттагы нормасы 21 чарчы метрден кем болбоосу керек). Шаарды жашылдандыруу иши муниципалдык органдардын гана эмес калаанын ар бир жашоочусунун милдетине кирүүсү зарыл. Борбордун бак-дарактары менен чөп-чарларынын экологиялык, рекреациялык, ландшафттык-архитектуралык жана маданий мааниси өтө чоң болгондуктан, аларды сактап калуу шаардыктардын жашоосуна пайдасын тийгизип, калаанын абасынын таза болушуна өбөлгө түзөт.

“Жашыл Бишкекти калыбына келтиребиз” деген аталыштагы тегерек стол шаарды көрктөндүрүү боюнча мамлекет, коомчулук жана ишкерлердин ортосундагы жалпы позицияны иштеп чыгууга жол ачты. Андан сырткары иш-чарада Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин, мэриянын жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү – шаардын жашыл фондун сактоо жана өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдү антропогендик чөйрөдөгү шарттарда сактоонун практикасы жөнүндө ойлорун ортого салышты. Ошондой эле мамлекет ичиндеги жана борбордогу бак-дарактардын азайып кетишине таасирин тийгизүүсү боюнча медициналык жана социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды.

Иш-чарада Бишкек шаарынын тургундары бак-дарактардын масштабдуу түрдө кыйылып жатканына жана көчөттөрдү сатууда ачык-айкындуулуктун болбой жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришип, шаар чегиндеги ар бир бактын кыйылуусу боюнча ачык маалыматтарды билүүгө алардын мыйзамдуу укуктары бар экендигин белгилей кетишти.

Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын директору Медет Ахматов “Зеленстрой” муниципалдык кызматын көчөттөрдү отургузууда интродукция чөйрөсүндө жана атайын жашылдандырууда, шаардын климатына өсүмдүктөрдү өстүрүү адаптациясында зор тажрыйбасы бар Ботаникалык бактын адистеринен кеңеш алып турууну сунуштады.

Тегерек столдун аякташы менен катышуулар тарабынан резолюция кабыл алынды. Ага ар бир мекеменин жоопкерчилигине бекитилген Бишкек шаарын жашылдандыруунун планын иштеп чыгуу, жашылдандыруунун стандарттарын иштеп чыгуу, бактарды кыюунун жана көчөттөрдүн ордун которуунун эрежелерин кайра карап чыгуу резолюцияга кирди. Отургузулган өсүмдүктөрдү мыйзам чегинде коргоо, аларга зыян келтирүүнүн жазасын Административдик жана КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин алкагында катаалдаштыруу сунушталды. Ошондой эле тегерек столдо мэриянын же шаардык кеңештин алдындагы бак-дарактарды, көчөттөрдү сактап калуу боюнча атайын коомдук кеңеш түзүү демилгеси көтөрүлдү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер