Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Энелер күнү менен куттуктайбыз

Улуттук илимдер академиясы академиянын илимге эмгеги сиңген ардактуу аял окумуштууларын жана жалпы эмгек жамаатындагы айымдарды энелер күнү менен куттуктады.

Ардактуу илимпоз айымдар – академиктер: К.Р. Рыскулова, Р.Д. Дженчураева, Ш.Ж.Жоробекова, корреспондент-мүчөлөр: Р.А. Максумова, Ж.Т. Уметалиева жана Р.З. Кыдырбаевага УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев куттуктоо менен бирге сыйлуу белектерди тапшырды.

“Ар бир эле адам “Эне” дегенде өзүнүн энесин эстеп, апасын качандыр бир капа кылган учурун, кантип тарбия алганын эскерет болушу керек. Ал эми бардык эле энелердин максаты балдарынын жакшылыгын көрүү го. Биздин эмгек жамааттагы айымдардын бардыгы өзүнүн, балдарынын, айрымдары неберелеринин дагы ийгиликтерине кубанып турган учуру. Биз силерди майрамыңар менен куттуктайбыз! Силер менен сыймыктанабыз! Кудайым дагы көп жылдар бою сыймыктанганга мүмкүнчүлүк берсин” – деди М.Жуматаев.

УИАнын академиги, Физико-техникалык, математикалык, тоо-кен – геологиялык бөлүмүнүн төрагасы Алтай Бөрүбаев энелер күнү менен куттуктап жатып мындай деди:

“Мен эне дегенде жазды, жаңыланууну элестетем. Эне бул – тукум улоочу, тарбиялоочу, үйдүн куту. “Бейиш – эненин таманынын алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Академияда өзүнүн мектебин түзгөн, көп ийгиликтерге жетишкен коллегаларыбыз иштейт. Биз алар менен сыймыктанабыз жана майрамы менен куттуктайбыз!”

УИАнын корреспондент-мүчөсү Раиса Кыдырбаева куттуктоолорго ыраазычылыгын билдирди.

“Эске алып куттуктап жатканыңарга рахматымды айтам. Тандап алган проблемаларыбызды таштабай аягына чыгарып, оош-кыйыш күндөрдө ийиндеш болуп бирге иштедик. Ошол күндөрдөн бери чогуу эмгектенип келген коллегаларыма чоң ыраазычылык билдирем”. – деди окумуштуу.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер