8-9-июнда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чара УИАнын Дж.Алышпаев атындагы Экономика институту жана КМШ мамлекет-катышуучуларынын гуманитардык кызматташуусунун өлкөлөр аралык фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Белорусиянын, Казакстандын жана Россиянын илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынын башын бириктирет. Анда ЕЭАБдин (Евразиялык Экономикалык биримдик) алкагындагы региондор аралык өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары каралат.Ошондой эле конференциянын программасы боюнча ЕАЭБ форматындагы интеграциялык аракеттер – сектордук ассиметрия жана Евразиялык интеграциянын натыйжалуулугу, анын контекстиндеги эл аралык сооданын диверсификациясы, ЕАЭБ контекстиндеги Азербайжан менен Тажикстандын экономикалык мамилеси жана ЕАЭБге башка мамлекеттердин кошулуусунун артыкчылыктары сыяктуу актуалдуу темалар боюнча дискуссиялар орун алат.
Конференция УИАнын Дж.Алыбаев атындагы Экономика институтунун 60 жылдыгына арналат.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2157