Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Биймырза Токторалиев эл аралык “Один пояс – один путь” форумуна катышат

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Биймырза Токторалиев 25-30-июнга чейин Пекин шаарында өтө турган эл аралык форумга катышат.

Агротехникалык кызматташууга багытталган иш-чаранын максаты айыл чарбасындагы, экология жаатындагы маселелерди изилдөө, алардын жыйынтыктарын практикада жүзүндө колдонуу жана өлкөлөр аралык кызматташуу болуп эсептелинет.

Илимпоз Биймырза Токторалиев форумда доклады менен чыгат. Анын айтымында бул кадамдар Кыргызстан үчүн абдан жемиштүү болууга тийиш.

“Биринчиден мындай эл аралык форумга катышуунун өзү сыймык. Экинчи тарабы окумуштуулар менен байланышып, алака түзүүгө жол ачылат. Андан сырткары инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк жаралууда. Кытайдын жогорку деңгээлде өнүгүп жаткан техникалары, технологиясы жана технопарктары менен таанышуу менен алардан үлгү алсак болот” – дейт окумуштуу.

“Один пояс – один путь” эл аралык форумун Шаньдун Провинциясындагы Айыл чарба академиясы, Синцзян-уйгур автономиялык районунун Айыл чарба академиясы уюштуруп, ага Борбордук Азиянын беш өлкөсү – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан чакырылган. Ал эми Кыргызстан тараптан УИАнын окумуштуусунан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин эки өкүлү чакырылган.

Буга чейин УИА Кытай өлкөсү менен биргеликте 2007-жылдан 2015-жылга чейинки “Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы экологиялык изилдөөлөрдүн технологиясы жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын климаттык глобалдык өзгөрүүлөрдүн контекстинде башкаруу” аталышындагы долбоорун ишке ашырган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер