Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Биймырза Токторалиев Швейцариядан келген кесиптеши, физикалык географияны жана климатты изилдөөчү (Zoï Environment Network эла аралык коммерциялык эмес уюму) Виктор Новиков менен жолукту.

Анда жапайы жаратылышты коргоонун стандартына ылайык, био ар түрдүүлүктөр жайгашкан жерлерди карталаштыруу менен жаратылышты колдонууда келтирилген зыяндарды азайтуунун жолдору талкууланды.

Буга чейин Б.Токторалиев башында турган эксперттердин тобу өнөктөш уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте 2016-жылдын июнунан декабрына чейин био ар түрдүүлүктү сактап калуунун планына кирген регионалдык жана глобалдык мааниге ээ территорияларды (жалпы Кыргызстан боюнча) аныктоого багытталган алдын-ала масштабдуу иштерди жүргүзүшкөн.

Окумуштуу баарлашуу учурунда мындай оюн билдирди:

“Эл аралык үлгүдөгү карталаштырууну ишке ашыруу тоолуу экосистеманы жана андагы өсүмдүктөр менен жаныбарларды тереңден изилдеген дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулардын көңүлүн гана бурбастан, биздин эндемиялык түрлөргө бай өлкөбүздүн коруктарын коргоонун жаңы ыкмасына жол ачат” – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптештер мындан-ары дагы УИАнын окумуштуулары, чет өлкөлүк окумуштуулар жана эл аралык жаратылышты коргоочу уюмдары менен кызматташуу ниети бар экендигин билдиришти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер