Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ж.Орозбекова: “Өсүп келе жаткан муун улуттук лидерлерди жана тарых чындыгын билиши керек”

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз АССРине 90 жыл, Кыргыз ССРине 80 жыл жана Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү орду” аталышындагы материалдар жыйнагынын презентациясы болуп өттү.

Иш-чарада улуттук лидерлердин бири – А. Орозбековдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө сөз болду. Ошондой эле XX кылымдын 20-30-жылдардагы өлкөнүн коомдук-саясий абалы тууралуу айтылып, бир кезде көмүскөдө болгон тарыхый материалдарды мындан ары дагы иликтеп, коомго жайылтуу, жогорку окуу жайларына берүү, коомдук жана саясий ишмердин атын даңазалоо демилгелери көтөрүлдү.

Презентацияны ачып берген УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев мындай иш-чаралардын мааниси өтө чоң болгондуктан, жалпы республикалык деңгээлде өткөргөнгө шарттар түзүлсө жана тарых алдындагы милдеттерибизди канчалык тез түшүнсөк ошончолук натыйжа жакшы болоорун айтты.

Ал эми иш-чаранын уюштуруучусу, Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова аталган материалдар жыйнагын түзүшкөндөргө, авторлорго жана көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

“Бүгүнкү эгемендүү өлкөнүн өзөгүндө А.Орозбековдун бараандуу салымы бар. Китепте анын ишмердүүлүгү менен бирге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мамлекет болуп калыптануусундагы тарыхый окуяларга, фактыларга басым жасалды” – деди окумуштуу.

Белгилүү тарыхчы, илимпоз Кыяс Молдокасымов аталган китептин жарык көрүшүн тарыхтын жакшы кадамы катары бааларын айтты.

Ал эми А.Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова мындайча оюн билдирди:

“Мурун бир кездерде Орозбеков тууралуу ооз ачууга мүмкүн эмес болчу. Тарыхтын ошол жылдарын кесип алып салгандай эле. Мен бул китепти башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыктым. Айтаарым, өсүп келе жаткан муун улуттук лидерлерди жана тарых чыныдыгын сөзсүз билиши керек” – деди.

Илимий-практикалык конференцияны УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн Тарых жана маданий мурастар институту менен А.Орозбеков атындагы фонду биргелешип уюштурган. Иш-чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, аталган институттун кызматкерлери, Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев, А.Орозбеков атындагы фонддун төрагасы Абдували Нышанов , белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, А.Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова жана башкалар катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер