Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Байыркы доордогу кыргыз тилин изилдеген эмгек жарык көрдү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Байыркы кыргыз тили” (эң байыркы доор) аталышындагы монография басылып чыкты. Анда байыркы кыргыз тилинин эң алгачкы, ортоңку жана кийинки мезгилдериндеги тарыхы – белгилүү алтай изилдөөчүлөрдүн, түркологдордун салыштырма-тарыхый мүнөздөмө жазылган эмгектеринде айтылган негизги жоболоруна, теорияларына жана тилдик материалына негизделип жазылган. Ошондой эле авторлордун өздөрүнө тиешелүү көптөгөн көз караштары, пикирлери орун алган.

Монография “Тилдердин урал-алтай жалпылыгы жөнүндө”, “Алтай жана түрк тилдеринин тарыхый доорлору жана андагы кыргыз тилинин ээлеген орду”, “Кыргыз тилинин тарыхый доорлорго бөлүштүрүлүшү”, “Кыргыздар жөнүндө тарыхый-лингвистикалык маалыматтар” жана “Байыркы кыргыз тилинин өнүгүү доорлоруна мүнөздүү тилдик белгилер” деген 5 главадан турат. Анда урал-алтай жалпылыгындагы сөз жасоодогу окшоштуктар, анатомиялык терминдерге, тууганчылыкка байланыштуу, үй-тиричилик буюмдарына, мал чарбасына байланыштуу, азык-оокаттардын аталыштарына, өң-түс, мезгил, аралык өлчөмдөрүнүн, рельеф, ландшафт, фауна, флора, жаратылыш кубулуштарынын аталыштарына, кыймыл-аракет, сын атооч маанисиндеги аталыштарга жана ат атооч, тактоочтогу окшоштуктарга орун берилген.

Тарыхый-лингвистикалык маалыматтарга байыркы кытай, араб-фарсы жазма булактары, түрк жазуулары, жазма эстеликтердеги, “Манас” эпосундагы изилдөөлөр камтылган. Андан сырткары кыргыз тилинин өнүгүү доорлоруна мүнөздүү алтай доору, шумер доору, хун (гунн, сюнь) жана байыркы түрк доору деген аталыштар менен кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү бөлүштүрүлгөн.

Эмгек филолог-студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга, түрколог-окумуштууларга жана кыргыз тилинин байыркы тарыхына кызыккан окурмандарга арналган. Монографиянын авторлору филология илимдеринин доктору, профессор К. Токтоналиев жана филология илимдеринин кандидаты, профессор Ж.Жумалиев.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер