Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ботаникалык бак Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүн белгиледи

УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багы 27-майда Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүн белгиледи. Салтанаттуу иш-чарага шаар тургундары жана калаага келген коноктор чакырылды. Белгилүү датанын быйылкы жылдагы темасы био ар түрдүүлүк жана туруктуу туризм болду.

Аталган иш-чаранын максаты катышуучуларды өлкөнүн кызыктарга бай өсүмдүктөр дүйнөсү менен тааныштыруу, жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө. Ошондой эле дагы бир милдет – флора менен фаунага бүгүнкү күндөгү туристтик ресурс катары гана эмес, келечектеги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн дагы жаратылышты көздүн карегиндей сактоо зарыл экендигин түшүндүрүү болуп эсептелет.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев иш-чараны ачып жатып, бүтүндөй био ар түрдүүлүктү жана тоолуу экосистеманы сактоого үндөө менен шаар тургундары өлкөнүн флорасынын 70%зы менен таанышууга мүмкүн болгон Ботаникалык бакка чакырып өттү. Ошондой эле ал мындай деген оюн кошумчалай кетти:

“Эгерде балдар азыртадан жаратылышка аяр мамиле жасоого үйрөнө турган болсо, анда ал Кыргызстандын туруктуу туризмин өнүктүрүүгө багытталган салымдын кошулганы болот”.

Экологиялык-туристтик жол менен экскурсияга чыгуу: экскурсоводдун коштоосунда жалгыз аяк жол менен жүрүп флоранын жана фаунанын кызыгын көрүүгө болот.

Ботаникалык бактын кызматкерлери менен ыктыярчылары экологиялык-туристтик жол менен экскурсияга чыгып, аталган бактын территориясында бар, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарлар жөнүндө айтып беришти. Ал эми жаш балдар үчүн атайын агартуучулук максатты көздөгөн оюн программасы уюштурулду.

Кичинекей изилдөөчүлөр куштарды сайраганынан таанып, микроскоптун жардамы менен Ботаникалык бакта кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарларды көрө алышты. Ошондой эле жыпар-жыттарды аныктоого үйрөнүшүп, оюндардын жана сүрөт тартуунун аркасы менен көп жаңы маалыматтарга эгедер боло алышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер