Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз этнологиясын изилдеген китеп чыкты

Аталган басылма Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун көрүнүктүү тарыхчылары жана Россия академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы этнология жана антропология институту тарабынан, 1992-жылы түзүлгөн “Народы и культуры” сериясынын алкагында жарык көрдү.

Эносоциалдык жана этномаданий процесстер традициялык көрүнүш аркылуу масштабдуу изилдөөгө алынган китеп – эгемендүү Кыргызстандын этнологиялык илиминде алгачкы жолу чыгып отурат.

Китеп этникалык тарыхты, чарбалык түзүлүштү жана материалдык маданиятты, социалдык жана үй бүлөлүк мамилелерди, руханий маданиятты жана диний түшүнүктөрдү камтыган 5 бөлүктөн турат. Андан сырткары басылмага кыргыз элинин XX-XXI кылымдардагы этномаданий жана социалдык-саясий өнүгүүсү туурасындагы материалдар кирген.

Басылмага кыргыз илимине бараандуу эмгек сиңирген А.Асанкановдун, А.Акматалиевдин, Б.Беделбаевдин, Т.Кененсариевдин, А.Көчкүновдун, А.Мокеевдин, Р.Кыдырбаеванын ж.б. макалалары киргизилген.

Кыргыз этнологиясы боюнча ар тараптуу элдик маданиятты жана байыркы доорлордон бери карай узак убакыттагы этникалык өнүгүүнү өзүнө камтыган эмгек этнология, тарых, культурология тармагы жана кыргыз жана Кыргызстан тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири катмары үчүн көптөн бери күттүргөн белек болуп саналат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер