Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ботаникалык бакта “Аракетте болуу” акциясы өттү

УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багында “Аракетте болуу” акциясы өттү. Анда Ботаникалык бактын сугат системасы, суу жүрүүчү каналдары тазаланып, шаар тургундары кол кабыш кылууга чакырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган бактын Ресурстук борборунун жетекчиси Дмитрий Переяславский – шаарды жашылдандыруунун климатты жакшыртууга болгон таасирин, бир эле дарак көлөкө кылып гана бербестен, кычкылтек бөлүп чыгарып, чаңды азайтаарын, жалбырак үстүндөгү нымдуулук менен фитонциддердин атмосфераны жакшыртаарын айтып өттү.

“Кургап бара жаткан климаттык шартта жашап жаткан биз үчүн көчөттөрдү отургузуу, жашылдандыруу шаарда ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзүп берет. Андыктан бул иштер шаар куруучулардын гана приоритеттүү милдети эмес, калаанын ар бир тургунун парзы болуп эсептелинет” – деди.

Кыргызстан, Белорусия, Грузия, Россия жана Украина мамлекеттеринде май-июнь айларында Эл-аралык «Аракетте болуу күнү» демилгеси жана «Жаркын жашоонун шаарлары» ураанын алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылат. Максаты – климаттык өзгөрүүдөн улам болуп жаткан көйгөйлөргө шаар тургундарынын көңүлүн буруу, ошондой эле климаттык өзгөрүүгө байланышкан маселелерди убагынан кечикпей алдын-алуу болуп саналат.

Андан сырткары «Аракетте болуу күнү” иш-чарасы «Сөздөн ишке!» деген ураан менен Бишкек, Кутаиси, Могилев, Санкт-Петербург шаарларында жана Украинанын 11 шаарында өткөрүлөт. Бул күндөрү шаар тургундары калаанын тазалыгы, жашылдануусу, өнүгүүсү үчүн жапа тырмак иштешет.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер