Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Белгилүү окумуштуу, профессор Өзгөрүш Шаршекеев дүйнө салды

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү окумуштуу Өзгөрүш Шаршекеев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Өзгөрүш Шаршекеевич 1935-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, аталган университетте окутуучу, аспирант, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарын аркалаган. Азыркы кезге чейин Теориялык физика кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.

Окумуштуу космосту, гравитациянын эйнштейндик теориясын жана талаанын кванттык теориясын камтыган, маанилүү деп эсептелген физиканын заманбап теорияларын изилдөөгө алган. Ошондой эле илимпоз тарабынан орто мектептин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн физика, астрономия окуу китептери которулуп, кыргыз тилиндеги өзүнүн окуу куралдары жарыяланган. Анын ичинде 100дөн ашуун илимий эмгектери, 3 монографиясы бар.

Анын жаркын элеси илимий коомчулуктун, кесиптештеринин жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

УИАнын жалпы жамааты Шаршекеев Өзгөрүш Шаршекеевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер